Жапаров БУУнун башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммедди кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммедди кабыл алды
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммедди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2022
Жазылуу
Президент сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумасынын алкагында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме өткөрүү пландалып жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммедди кабыл алып, жолугушуу жылуу маанайда өттү.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болгонун билдирди.
Жапаров Амина Мохаммедди жылуу кабыл алып, БУУнун башкы катчысынын биринчи орун басары кызматына экинчи ирет дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалаган.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров принял первого заместителя Генерального секретаря ООН Амину Мохаммед
Президент Садыр Жапаров принял первого заместителя Генерального секретаря ООН Амину Мохаммед - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2022
Президент БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо, глобалдык социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө жана дүйнөдөгү эң маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуудагы маанилүү ролун белгилеген.
Жапаров быйыл Кыргызстан БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгын белгилеп жатканын эске салып жана буга байланыштуу башкы катчы Антониу Гуттериштин куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
Ал БУУнун Борбор Азиядагы Контртеррористтик башкармалыгынын аймактык жаңы координаторунун дайындалышына, БУУнун Борбор Азия үчүн глобалдык Контртеррористтик стратегиясынын алкагында биргелешкен иш-аракеттер планы боюнча долбоор жана милдеттерди координациялоо мандаты күчтөнгөнүнө көңүл бурган.
Жапаров өткөн жылы 16-декабрда Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы быйылкы жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялаган резолюцияны кабыл алганына токтолгон.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров принял первого заместителя Генерального секретаря ООН
Президент Садыр Жапаров принял первого заместителя Генерального секретаря ООН - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2022
"Бул жылды тийиштүү деңгээлде өткөрүү максатында быйыл Кыргызстан 2023-2027-жылдарды "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялоо жөнүндөгү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын резолюциясынын долбоорун сунуштап, аны илгерилетүүгө киришти. Биздин мамлекет тоолуу өлкө болгондуктан бул демилгенин ийгиликтүү ишке ашуусуна өзгөчө маани берет", — деген Жапаров.
Президент сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумасынын алкагында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.
"Жапаров тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо, алардын ири коалициясын түзүү, тоолуу региондордун көйгөйлөрүн чечүү, аларды өнүктүрүү фондун түптөө, тоолуу региондордо сооданы өнүктүрүү, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, туруктуу энергия менен камсыз кылуу жана заманбап технологиялар менен инновацияларды аларга жеткиликтүү кылуу жаатында бир катар программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга тиешелүү бир катар демилеглерди сунуштоо пландалып жатканын кошумчалады", — деп айтылган билдирүүдө.
Амина Мохаммед жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериштин саламын жолдогон.
Өзүнүн сапарынын максаты тууралуу мамлекет башчысына кыскача айтып берип, эң башкысы Кыргызстан менен БУУ ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү экенине токтолгон.
Амина Мохаммед Жапаровду Кыргызстандын уюмдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктаган.
БУУ башкы катчысынын орун басары Кыргызстандын улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги ишине канааттанганын билдирген.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР принял первого заместителя Генерального секретаря ООН Амину Мохаммед
Президент КР принял первого заместителя Генерального секретаря ООН Амину Мохаммед - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2022
"Биз сиздин туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча программаңызды, өлкөнү өнүктүрүү боюнча бардык аракеттериңизди толук колдойбуз", — деген Амина Мохаммед .
БУУнун башкы катчысынын орун басары ошондой эле Кыргызстандын канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясы менен талашын тынч жолу менен жөнгө салуу аракетин кубаттаган.
"Сөзүнүн соңунда Амина Мохаммед Садыр Жапаров башында турган кыргыз делегациясы ушул жылдын ноябрында өтө турган климат боюнча кийинки саммитке катышарына үмүт артты", — деп айтылат билдирүүдө.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Омар Султанов БУУнун Женевадагы кеңсесинин туруктуу өкүлү болуп дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0