Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Bloomberg АКШнын Россия боюнча "катуу мүдүрүлгөнүн" ачыктады

© Sputnik / Максим БлиновАКШнын Москвадагы элчилигинде желек. Архив
АКШнын Москвадагы элчилигинде желек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Жазылуу
Макаланын авторлору тараза ташы Россияга оой турган бир топ аргументтерди келтирип, аны менен тирешип жаткан Батыштын каталарын санап берген.
БИШКЕК, 9-июн. – Sputnik. Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин Россиянын Украина боюнча аракеттерин айыптап, сындоодон баш тартышы АКШ жана анын союздаштарынын "мүдүрүлүшүнүн" жана "оңбогондой орой аракетинин" кесепетинен улам болду. Бул туурасында Bloomberg агенттиги жазганын РИА Новости кабарлады.
Материалдын авторлору Африканын, Латын Америкасынын, Азиянын бир катар мамлекеттери Россиянын Украинадагы атайын операциясын сындоодон баш тарткандыгын эскертишти, алардын пикиринде бул Батыштын "олуттуу катасынан" келип чыккан. Глобалдуу түштүктүн Россиянын кадамдарына болгон "жөн гана үмүттү үздүргөн чыдамдуулугу" "АКШ жана анын досторунун" эми "оңдой" турган катасы болуп калгандыгы жазылган.
БУУнун Башкы ассамблеясындагы россиялык атайын операцияны "сындап жиберүүгө" тап берген добуш берүүдө Кытай, Индия, Түштүк Африка жана башка 35 мамлекеттен андай кадамдар жасалбагандыгы белгиленди. Журналисттердин пикирине караганда, россиялык куралдарды берүү, кытайлык инвестициянын айкалышы жана "АКШ тарабынан кенебестик" менен жасалган мамиле көп мамлекеттерди Америка менен союздун "келечексиз" экендигине ынандырган.
Муну менен катар эле бул дүйнөлүк тенденция болуп калгандыгын да жазышты. Америкадагы саммит жаңы тирешүүлөрдү жаратты: "Американын өлкөлөрдү өзүнүн мамилесине карап чакырууга умтулушуна" аймактын лидерлери каршы. Май айында Вашингтондо өткөн АКШ — АСЕАН (Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы) саммити "болуп көрбөгөндөй фиаского" кабылган.
"Көптөгөн жакыр өлкөлөргө Пекин коронавируска каршы вакцина таратты. Россия куралдарды саткан маанилүү тарап болуп кала берет, аны менен катар эле Индияны, Африканын бир топ бөлүгүн эгин, жер семирткичтер менен камсыздайт. Муну менен катар эле Москва да, Пекин да шайлоо эркиндиги жана адам укугу боюнча эч кандай маселе койбой эле келет", — деп айтылган макалада.
Батыш өлкөлөрү Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта санкцияларды салган.
Президент Владимир Путин Россияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнө экономикасынын шайын бир топ эле алып койгондугун эскерткен. Анын айтымына караганда, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун начарлатуу. Лидер азыркы болуп жаткан окуялар Батыштын саясатта да, экономикада да глобалдуу үстөмдүк кылам деген ниетин четке кагат деп эсептейт. Анын айтымына караганда, Россия обочолонуп калбайт, заманбап бул дүйнөдө аталган мамлекетти болуп көрбөгөндөй четке бөлүп салуу мүмкүн эмес.
Брюсселде Евробиримдиктин штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: ЕБ Россияга санкция сала берип, бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп бүттү
Жаңылыктар түрмөгү
0