Кыргызстанда БУУнун тынчтык орнотуучу операциясына тартип коргоочулар тандалууда

© AFP / ALEXIS HUGUETБУУнун тынчтык коргоочулары. Архив
БУУнун тынчтык коргоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Жазылуу
Сынакта укук коргоочулардын англис тил билүүсү, механикалык транспортту айдай алгандыгы жана курал колдонуу деңгээли текшерилет.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы ирет БУУнун тынчтык орнотуучу операциясына өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери конкурстук негизде тандалып алынат. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, сынак ИИМ Академиясынын базасында өтөт.
Белгилей кетсек, 6-июнь күнү ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Жангабылов БУУнун тынчтык орнотуучу операциясына кызматкерлерди тандоо департаментинин өкүлү Оусман Алоу менен жолуккан.
"Мындай сынак Кыргызстанда алгачкы ирет өтүп жатат. Конкурстун ИИМ Академиясынын базасында болгону абдан жакшы көрүнүш. Сынак ачык-айкын өтөт деп убада берем", — деп билдирген Жангабылов.
Мындан тышкары, жолугушуу учурунда Бишкекте БУУнун тынчтык миссиясына талапкерлерди даярдаган борбор ачуу маселеси дагы талкууланган.
БУУнун тынчтык орнотуучу операциясына экзамен тапшырууга укук коргоо органдарынан 87 кызматкер каалоосун билдирген. Сынак 7-июнга белгиленген. Анда укук коргоочулардын англис тил билүүсү, механикалык транспортту айдай алгандыгы жана курал колдоно билүү деңгээли текшерилет.
Ок атуучу жайдагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
ИИМ куралы бар адамдарды окутуп, текшерүүдөн өткөрүп турат
Жаңылыктар түрмөгү
0