Москвалыктарды таңданткан кыргыздар. 83 жыл мурдагы декада ирмемдери
Москвалыктарды таңданткан кыргыздар. 83 жыл мурдагы декада ирмемдери
Sputnik Кыргызстан
Мындан 83 жыл мурда Москвада кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы өткөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги улуттук маданиятты даңазалаган тарыхый... 31.05.2022, Sputnik Кыргызстан
СССРдин борбору Москвада 1938-жылы 26-майда кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы башталып, ал Абдылас Малдыбаев, Владимир Власов менен Владимир Фере биргеликте иштеп чыккан "Айчүрөк" операсы менен ачылган. Республикадагы театралдык-музыкалык топтор, акын-жазуучулар, аткаруучулар, обончулар, төкмө акын, манасчылар, сүрөтчүлөр барып өз өнөрлөрүн бул ири маданий иш-чарада көрсөткөн.Чыгармачыл инсандар "Ажал ордунда", "Алтын кыз" музыкалык драмасын көрүүчүлөргө сунуштап, манасчы, төкмө акын, аткаруучулар, студенттер, мектеп окуучулары болуп 400дөй маданият өкүлү катышкан. Аларды көргөнү Иосиф Сталин, СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Вячеслав Молотов, СССРдин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Михаил Калинин өңдүү журт башындагылар келген. Соңунда Кыргыз музыкалык драма театры Ленин сыйлыгын, композитор Абдылас Малдыбаев СССРдин эл артисти наамын алса, башка 70тен ашык маданият кызматкерлери жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыган.
Мындан 83 жыл мурда Москвада кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы өткөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги улуттук маданиятты даңазалаган тарыхый иш-чарадагы архивдик ирмемдерди сунуштайт.
СССРдин борбору Москвада 1938-жылы 26-майда кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы башталып, ал Абдылас Малдыбаев, Владимир Власов менен Владимир Фере биргеликте иштеп чыккан "Айчүрөк" операсы менен ачылган. Республикадагы театралдык-музыкалык топтор, акын-жазуучулар, аткаруучулар, обончулар, төкмө акын, манасчылар, сүрөтчүлөр барып өз өнөрлөрүн бул ири маданий иш-чарада көрсөткөн.
Чыгармачыл инсандар "Ажал ордунда", "Алтын кыз" музыкалык драмасын көрүүчүлөргө сунуштап, манасчы, төкмө акын, аткаруучулар, студенттер, мектеп окуучулары болуп 400дөй маданият өкүлү катышкан. Аларды көргөнү Иосиф Сталин, СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Вячеслав Молотов, СССРдин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Михаил Калинин өңдүү журт башындагылар келген. Соңунда Кыргыз музыкалык драма театры Ленин сыйлыгын, композитор Абдылас Малдыбаев СССРдин эл артисти наамын алса, башка 70тен ашык маданият кызматкерлери жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыган.
Кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасынын катышуучулары: актриса Канымбүбү Айбашева, режиссёр Өмүркул Жетикашкаев, арген үндүү Атай Огонбаев, акындар Кубанычбек Маликов менен Жоомарт Бөкөнбаев. Москва шаары, 1939-жыл

Москванын көчөлөрүндө сейилдеген Кубанычбек Маликов менен Жоомарт Бөкөнбаев. Алар Жусуп Турусбеков үчөө "Айчүрөк" операсын өзгөчө эмгек менен иштеп чыккан
Москванын көчөлөрүндө сейилдеген Кубанычбек Маликов менен Жоомарт Бөкөнбаев. Алар Жусуп Турусбеков үчөө "Айчүрөк" операсын өзгөчө эмгек менен иштеп чыккан
Казань бекетиндеги кыргыз артисттери: солдон оңду көздөй Сайра Кийизбаева, дирижёр Циликовский, театрдын солисттери Ашыраалы Боталиев, Касымалы Ешимбеков, дирижёр Шейше Орозов, композитор Абдылас Малдыбаев, Владимир Власов жана акындар

Декадага кеткендерди тосуп алган фрунзеликтер. Сүрөттө артист Берикова, сүрөтчү Гапар Айтиев, башкы хормейстр Меркулов, театрдын башкы режиссёру Васильев, опера ырчысы Сайра Кийизбаева. Фрунзе шаары, 1939-жыл