Эскертүү! 1-июнда Бишкектин башкы көчөлөрү жабылат

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жазылуу
Чектөө кичинекейлердин майрамына карата өтчү иш-чаралардан улам коюлат.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Борбор калаада 1-июнда борбордук көчөлөр жабылат. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымына караганда, бул Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өтчү иш-чаралардан улам болууда.
Төмөнкү көчөлөр жабылат:
Чүй проспекти Турусбековдон Абдрахманов көчөсүнө чейин;
Абдрахманов көчөсү Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
Фрунзе көчөсү Абдрахмановдон Орозбеков көчөсүнө чейин.
Шаардын борбордук көчөлөрүндө майрамдык марштар эртең менентен тарта болору айтылды. "Ала-Тоо" аянтына жана Усубалиев атындагы эски аянтка автоунаа менен кирчү жерлердин саат 07:00дөн 12:00гө чейин жабылары айтылды.
Бишкектеги Наристе бала бакчасындагы майрамдык иш-чара - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Бейшеналиев жаңы ачылган бала бакчага барып майрамдык концертке катышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0