Жалад-Абадда жарылган завод. Жаракат алгандардын абалы айтылды

© Sputnik / Андрей Станавов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы капельница. Архив
Ооруканадагы капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Жазылуу
Жандандыруу бөлүмүндө жаткан үч бейтап тең кыргыз жарандары.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Жалал-Абад шаарындагы заводдун жарылуусунан оор жаракат алгандардын учурдагы абалын айтты.
Билдирмеге караганда, кырсыктан үч адам оор жаракат алган. Алардын баары азыркы тапта жандандыруу бөлүмүндө.
"Биринин денесинин 90 пайызы күйсө, экинчисиники 80 пайыз күйгөн. Дагы бир адамдын денесинин 40 пайызы жабыркаган", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 29-майда, Жалал-Абад шаарындагы темир заводдун аймагында темир эритүүчү меш жарылган. Анын кесепетинен үч адам оор, төрт киши жеңил жаракат алганы айтылган.
Жеңил жаракат алгандардын арасында кытай, өзбек жарандары бар. Алар медициналык кароодон өткөрүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген.
Ымыркай төрөт үйүндө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Казакстан: жарылуудан кийин төрөт үйүнөн 100дөн ашык аял эвакуацияланды
Жаңылыктар түрмөгү
0