Азат Дөөткуловдун жубайы: апам жолдошума экинчи аял ал деп айткан

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданияттын мыкты кызматкери, ырчы Сайра Момунбаева
Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Сайра Момунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Жазылуу
Кыргыз музыкасына салым кошкон, өмүрүн маданиятка арнаган композитор Азат Дөөткулов 2017-жылы 13-апрелде көз жумган. Ал болгону 54 жыл жашады.
Дөөткулов 2015-жылы чыгармачылыгынын 35 жылдыгын белгилеген. Көптөгөн ырларга обон чыгарып, спектакль жана кинолорго музыка жазган. Акыркы мезгилде "Учур" жаштар театрында эмгектенип келген.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында Жумамүдүн Шералиев, Калый Молдобасанов атындагы төш белгилеринин ээси, композитор Азат Дөөткуловдун жубайы, маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Сайра Момунбаева болду.
— Азат Дөөткуловду өмүрүн театрга, маданиятка, музыкага арнаган таланттуу композитор катары билебиз. Агабыз Нарында туулуп-өскөн да?
— Азаттын балалык чагы Кочкордо өткөн. Нарын шаарында төрөлүп, кийин ата-бабасы жердеген Кочкорго көчүп барышыптыр. Ошол жакта чоңойгон. Чыгармачылыгы да алгач Кочкор маданият үйүндө башталган. Кичинесинде абдан эрке бала болуптур. Өзү тогуз бир тууган, эки кыз, жети эркектин ортончусу. Ата-энеси да башка балдары жасаган үй жумуштарды Азатка жасатпай, аны аяп турушчу экен. Ошондонбу, айтор, музыканы тандап алыптыр. Чоң аталарынан кыл кыяк ойногондор болгон. Өзү да Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда кыл кыяк боюнча окуган. Инилеринин баары эле музыкага жакын, бирок алар башка кесипти тандап кетишти. Арасынан бир гана Азат чыгармачылыкты аркалап калды.
© Фото / предоставлено Сайрой МомунбаевойМомунбаева: Азаттын балалык чагы Кочкордо өткөн. Нарын шаарында төрөлүп, кийин ата-бабасы жердеген Кочкорго көчүп барышыптыр
Заслуженный деятель культуры, певица Сайра Момунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Момунбаева: Азаттын балалык чагы Кочкордо өткөн. Нарын шаарында төрөлүп, кийин ата-бабасы жердеген Кочкорго көчүп барышыптыр
— Экөөңүздөр кантип таанышып калдыңыздар эле?
— Мен Күрөңкөев атындагы окуу жайда студент кезде жолдошум сырттан окучу экен. Ошол жерден таанышып калдык. Окууну аяктаган соң Нарын драма театрында иштеп калдым. 1991-жылы "Боз бойдок" деген спектакль менен гастролго чыгып, дароо эле Кочкордон баштадык. Ал кезде Азат "Гүлгүн жаш" тобунун жетекчиси эле. Спектаклде менин аткаруумдагы ырдын өзүмө жакпаган жери бар болчу. Ошону ансамбль менен ойноп жазып берүүсүн сурансам, маданият үйүнө чакырды. Топтогу балдар тамашалап жатышса маани берген эмесмин. Эртеси чындап эле ала качып кетишти. Нике кайып экен, ошону менен жашап калдык.
Өзүнүн мүнөзү абдан шайыр, ак көңүл болчу. Улуу-кичүүнү тамашага салып тийишкен тентектиги болгону менен эч качан адамдын көңүлүн оорутуп, таарынтчу эмес.
— Убактысынын көбүн чыгармачылыкка арнадыбы же үйгөбү?
— Чыгармачылыкка көп көңүл бөлчү. Өзү деле жалкоо экенин мойнуна алып калар эле. Мык какканды билчү эмес. Бала кезинде ата-энеси жасатпаган оокатты биз жасатмак белек, эч нерсе деле кылдырган жокпуз. Эркекке тийиштүү оокатты бир туугандары келип жасап коюшчу. Бирок электр приборлору бузулуп калса өзү оңдоп берчү.
— Акбермет аттуу кыздуу болуптурсуздар, ал атасына жакын болсо керек?
— Мен өзүм атама жакын элем. Бирок кызым мени менен көп сырдашып калды. Анткени кызыбыз кичинесинен эле бийге абдан кызыкчу, бирок атасы аны каалаган жок. Жибергиси келбеген учурда ортосуна түшүп, "эмнеге жибербейсиң, өзүң деле бийлеп жүрчү эмес белең" деп болбой жатып бердиргем. Кийин кызы концерттерде бийлеп чыкканда унчукпай калды. Бир жолу филармонияда өткөн концертке кызыбыз да катышкан. Аны көрүп аябай толкунданып, көзү жашылданып отурду. Негизи Азат кызынын юрист болушун каалаган. Жогорку окуу жайдын юридикалык факультетине тапшыртканбыз. Кошумча тил үйрөнүп, Кытайга барып окуп келди. Бирок "ата, юрист болбойм" деп дипломун үйгө коюп койду. Анан кайра эле хореографияга ооп кетти. Азыр "Таажы" бий тобунун жетекчиси болуп иштеп жүрөт.
© Фото / предоставлено Сайрой МомунбаевойМомунбаева: мюзикл жазам деп жүрдү эле, ушул кыялы ишке ашпай калды
Композитор Азат Дооткулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Момунбаева: мюзикл жазам деп жүрдү эле, ушул кыялы ишке ашпай калды
Жалгыз кыз болгону менен чектен чыгарбай, арыдан-бери тарбияладык. Эркелеттик, бирок баары чеги менен болду. Өзгөчө мен катуу кармадым. Бирок кийим жагынан эч кандай чектөө койбойм.
— Эки чыгармачыл адамдын бир үйдө түтүн булатышы оор болгон жокпу?
— Мен ырдын сөзүн, Азат обонун жазчу. Экөөбүз угуп көрүп, текстке ал оңдоо киргизсе, анын обондорунун айрым кайрыктарын мен оңдоп-түзөп койчумун. Бири-бирибизди толуктап тургандыктан кыйынчылык болгон жок. Негизи эле жолдошум эч ким менен атаандашып, жаман-жакшы айтышкан жок. Ошол себептен чыгармачылык чөйрөдөгүлөрдүн баары менен ынтымакта болду. Кийин мен кол өнөрчүлүккө жакындап, ырчылыктан алыстап кеттим. Ошол кезде жумуштан кеч келип, даяр тамакты ичип эле жатып калчумун. Үйдө кызым, сиңдилерим бар эле. Алар жардам беришчү. Бир күнү апам келип калып, мени уруша баштады. Эски киши да. Жумуштан келсем "ай, сен аял болбой калган турбайсыңбы. Оокат кылбай эле эртең менен кетип, кечинде келет экенсиң. Азатка тамак жасап, үй оокатың менен отурбайсыңбы?" деп урушту. Анан Азатты жанына отургузуп алып, "балам, экинчи аял ал" деп айткан. Ал сөз жолдошума аябай жакты "апам үйлөн деген" деп көпкө тамашалап жүрдү (күлүп).
— Көбүнчө эмнени жактырбайт эле?
— Калп айтканды жактырчу эмес. Анан эки ыр жаздыргандан кийин эле буту жерде, көөдөнү көктө басып калгандарды, сөзүнүн мааниси жок ырларды жаздыра бергендерди жаман көрчү. Негизи Азаттын обондору бир укканда адам оңой кабыл ала албаган оор, диапазону бийик.
Белгиленген адабиятчы, сынчы Камбаралы Бобуловдын кызы Назгүл Бобулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Камбаралы Бобуловдун кызы: атам биринчи никедеги балдары менен катышпай өкүнсө керек
— Сиз ырчы катары жолдошуңуздун башка аткаруучуларга жазып берген обондорун кызганган учур болду беле?
— Ырчы Жанетта Бобкова бир жылдары Ысык-Көлдөгү фестивалга Азаттын обонуна жазылган "Арман" деген ыр менен катышып, унаа утуп алган. Аны негизи Эрлан деген жигит ырдамак болуп даярданып жүргөн. Анан Денис менен Жанетта үйгө келгенде ырлардын баарын угуп көрүшүп, ошол ырды жактырып туруп алышты. Аны башка балага берүүгө убада кылып койгонун айтып жолдошум да кыйылды. Ошондо "Азат, Эрлан ырдаганда үнү музыканын ыргагына жакшы түшпөй жатат. Ырың максатына жетпей калбасын, Жанеттага эле берсеңчи" деп ортого түшсөм, "болду-болду, эжем айтты" деп алар да Азатты көндүрүп алып кетишкен. Кийин Жанетта жеңишке жеткенде кубандык. Ырды ийине жеткире ырдады. Ошондо мага "өзүң эле ырдай бербейт белең" дегендер болду. Бирок мен өзүмө, үнүмө жарашпаган ырды аткарбайм.
— Чыгармачылык эргүүнү кайдан алчу эле?
— Азат жаратылышты, шар аккан сууну жакшы көрчү. Табият койнуна кетип калчу. Анан тамашалап "мен бирөөнү сүйсөм жакшы чыгарма чыгат" деп күлүп калмайы бар эле. Албетте, мунун баары тамаша, бирок чыгармачылыгына байланыштуу кыздар көп келгендиктен ушинтип күлүп койчу.
— Баш-аягы канча обон жаратты?
— Чынында анын так санын деле биле элекпиз. Көзү тирүү кезинде "кел, обондоруңду нотага түшүрүп, бир буклет чыгаралы" дегем. Бирок улам эртеңкиге жылдырып отуруп ишке ашпай калды. Эртең эмне болоруңду билбейт экенсиң да, эч ким өлөм деп ойлобойт экен. Анын үстүнө Азат кеткенден бери эми гана өзүмө келип, эки жагымды жыйыштыра баштадым. Акыркы күндөрү аяш уулубуз Аскар Алиев менен иштешип калды. Компьютеринде, папкаларда эмнеси бар экенин ошол жигит жакшы билет. Өзүм компьютер менен деле иштей албайм. Азыр ошол обондорун тактап, ырчыларга таратуунун үстүндө иштеп баштадык. Кыл кыякчы үч кызга арнап да обон жазып кеткен. Ал кыздар менен биргеликте обонду бир аз шөкөттөйлү деп турабыз.
© Фото / предоставлено Сайрой МомунбаевойМомунбаева: жолдошум эч ким менен атаандашып, жаман-жакшы айтышкан жок. Ошол себептен чыгармачылык чөйрөдөгүлөрдүн баары менен ынтымакта болду
Заслуженный деятель культуры, певица Сайра Момунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Момунбаева: жолдошум эч ким менен атаандашып, жаман-жакшы айтышкан жок. Ошол себептен чыгармачылык чөйрөдөгүлөрдүн баары менен ынтымакта болду
— Өзү ооруп жүрдү беле?
— Ооба, негизи кант диабети бар болчу. Бирок өзү да оорусуна көп маани бербей койду. Дарыгерлер инсулинге өтүүнү айтышкан. Коркуп албай койгон. Убагында инсулинге өтсө, дагы 10-20 жыл жашайт беле деп калам. Акыркы жылдары ооруканада эле болуп калды. Театрдан музыкалык аспабын алып келип бердик. Бирок эч нерсеге көңүлү келбей калды.
— Адам алдыга көп эле максат коёт эмеспи. Агайдын кандай пландары ишке ашпай калды?
— Мюзикл жазам деп жүрдү эле, ушул кыялы ишке ашпай калды. Алтынай Темирова менен "Жаңыл Мырзаны" жазууну максат кылган. Өзү деле наам алууга кызыккан эмес. Бирок акыркы учурда өзүнөн кичүүлөр деле алып жатса, теңтуштары, тааныштары эмне үчүн сеники жок деп сурашчу экен. Ошол себептен мамлекеттик наам алууну айтып калчу. Бирок өзү да чуркап, жан талашкан жок. Мүнөзү ага жол бербейт эле. Ошентсе да элдин сыйынан айырбасын.
Заслуженный деятель КР, отличник телевидения Орозбек Туголбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Салтанат Саматованын атасы: кызымдын жетишкендиги кубантса, эрте кеткени арман болду
Жаңылыктар түрмөгү
0