00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытканов: бажы тармагын модернизациялоо бизнеске жеңилдик алып келет

© Sputnik / Табылды КадырбековЕвразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов. Архив
Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Жазылуу
Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов аталган тармакта модернизация жакшы жасалса өлкө казынасына түшүп жаткан каражат кескин көбөйөрүн айтты.
Бишкектеги I Евразиялык экономикалык форумда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы кызмат жетекчилеринин орун басарларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болду. Форумдун алкагында санариптештирүү кайсы баскычта, анын мөөнөтү, жыйынтыгында бизнес өзүнө кандай пайда алышы керектиги жөнүндө презентация жасалды. Алсак, РФтин бажы тармагын модернизациялоо стратегиясы 2030-жылга чейин бекитилген. Анда интеллектуалдык өтмө пунктуларын түзүү боюнча план түзүлгөн. Мындай деңгээлге беш мамлекет тең жетиши керек. Бул тууралуу Максат Мамытканов Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде билдирди.
Мамытканов: бажы тармагын модернизациялоо бизнеске жеңилдик алып келет
Анын айтымында, ЕАЭБ мамлекеттеринин бажы пунктулары интеллектуалдык башкарууга өтсө, посттордо бажы кызматкерлеринин кереги жок болот. Бул жумуштун сапатын жакшыртып, экономиканын деңгээлин көтөрөт.
"Учурда ЕАЭБдеги беш өлкөнүн бажы тармагын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери ар башка. ЕАЭБ өлкөлөрү азыркы экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу санариптештирүү иштерин жасап жатат. Бирок ошолордун ичинен модернизацияга көп каражат салганы алдыга кетип баратканы байкалды. Мисалы, буга чейин Россияда 600дөн ашык декларация тапшыра турган пункт бар болчу. Санариптештирүүнүн негизинде учурда чоң федерацияда болгону 16 санариптештирилген бажы пункту иштейт. Эми мамлекеттик башкаруу системасы дагы санарипке өтөт. Ошонун жыйынтыгында ушундай экономия пайда болот. Ал эми Арменияда бажы менен салык кызматтарын бир комитет жетектейт. Мындай жетишкендиктер Казакстанда да бар. Мына ушундай өзгөчөлүктөрдү карап чыгып, Кыргызстан ошол деңгээлге жетиши керек. Эң негизгиси бул реформалар бизнеске жеңилдиктерди алып келүү максатын көздөйт. Бүт бажы тармагын санариптештирүүнүн алкагында жүктөрдү текшерүүдөн тез өткөрүп, аны көзөмөлдөөнүн негизинде төлөй турган салымдардын көлөмү көбөйөт. Анткени анын баары бюджетке барып түшөт да, социалдык төлөмдөрдү толук аткарууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан бажы тармагындагы модернизация жакшы жасалса бюджеттин казынасына түшүп жаткан каражат кескин көбөйөт", — деди Мамытканов.
Ал кыргыз бажысынын ЕАЭБдин талаптарына ылайыкташуусуна Россия көп жардам бергенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0