Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Евразия экономикалык форуму
Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө. Ага 15 өлкөдөн 2,5 миңге чукул киши келди. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтүп, өнөр жай, электрондук соода, энергетика, транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча 6 панелдик талкуу болот. Форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык форумдун ачылышына катышат

© Пресс-служба правительства КРМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Жазылуу
Экономикалык форумда 10го жакын меморандум жана келишимдерге кол коюу пландалууда.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эртең, 26-майда, I Евразиялык экономикалык форумдун ачылышына катышат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган форум Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун алдында Кыргызстандын ЕАЭБге быйылкы жылы төрагалык кылуусунун алкагында өтүүдө.
Бул экономикалык ири иш-чарага ишкер чөйрөнүн, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынан жана башка тараптардан келгендерди алганда 2 500гө чукул адам катышмакчы.
Форумда Евразия экономикалык кеңешинин алкагында транспорттук-энергетикалык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү, каржы-банк саясаты, өнөр жай тармагындагы кызматташтык, санарип жана жаштарга багытталган күндүн темалары, электрондук соода жүгүртүү жана кызматташуунун жаңы ыкмалары боюнча талкуулар пландаштырылууда.
Иш-чара төмөнкү жерлерде өтмөкчү:
Novotel мейманканасы – министрлер кабинетинин башчысынын катышуусунда форумдун ачылышы, "Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги", "ЕАЭБ 2.0 санариптик күн тартиби" панелдик талкуулары;
Sheraton мейманканасы - панелдик дискуссиялар "Финансы рыноктору жана өнүктүрүү институттары макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн өсүү чекиттери", "Экономиканы өнүктүрүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура", "ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары";
"Орион" мейманканасы – "Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси - Биримдиктин экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычы жана экономикалык коопсуздукту камсыздоочу катары";
"Фрунзе" рестораны - "Стратегия – 2025: ЕАЭБди өнүктүрүү боюнча жаштардын көз карашы" тематикалык сессиясы.
Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөт. Форум Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчыларынын катышуусунда видеоконференция режиминде пленардык жыйынды, ошондой эле 21 тематикалык сессияны камтыйт. Иш-чаранын алдында Евразиялык экономикалык кеңешке кирген өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун ректорлору менен интеграциялык бирикменин энергетика, транспорт, бажы бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуулары күтүлүүдө.
Экономикалык форумда 10го жакын меморандум жана келишимдерге кол коюу пландалууда. Анын алкагында "Орион" мейманканасынын алдында Евразия экономикалык кеңешинин агроөнөр жайынын мыкты продукцияларынын көргөзмөсү да уюштурулат.
Форум өтүүчү бардык жайларда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-залдар түзүлгөн, ошондой эле иш-чаранын спикерлери үчүн пресс-конференциялар уюштурулат.
ЕАЭС мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Пресс-борбор
Евразия экономикалык форумун өткөрүү Кыргызстанга кандай артыкчылык берет
Жаңылыктар түрмөгү
0