Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Су-57 "аба терминаторунун" максаты — Украинаны демилитаризациялоо

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүБешинчи муундагы россиялык Су-57 оор истребители
Бешинчи муундагы россиялык Су-57 оор истребители  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жазылуу
НАТОнун чалгындоо учактарынын электр магниттик нуруна толгон, жер бетиндеги радар, космостук аппараттарынын "көзүндөгү" Украина аба мейкиндиги – бешинчи муундагы россиялык Су-57 оор истребители үчүн татырлык салгылаш талаасы.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган аппараттын өзгөчөлүктөрүнө дагы бир ирет Су-57 "аба терминатору" эки айдан ашуун убакыттан бери РФ Куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы атайын операциясында өз кызматын өтөөдө. Көзгө анча чалдыкпаган истребитель абада артыкчылыкка ээ болуу үчүн жасалып, аба, жер жана суу бетиндеги буталардын бардык түрүн жок кылууга ылайыкталган. Ушул тапта украиналык аба мейкиндигин тынымсыз сканерлеп турган НАТОнун радар жана чалгындоочу учактарына дээрлик байкалбайт.
Су-57нин куралдар топтомунда "аба – аба", "аба – жер бети" тибиндеги жаңы ракеталардын 15 түрү, анын ичинде 250 чакырымга чейинки аралыкка атыла турган кемеге каршы канаттуу ракеталары жана 1 500 чакырымга чейинки ыраакка атылчу гиперүндүү "Кинжал" бар.
Истребитель бортунда саатына 2 400 чакырым үндөн ыкчам крейсердик ылдамдыкта он тоннага чейинки ок-дарыны ташый алат. Бардык багытта, көп каналда курал, анын ичинде ыраак аралыкка ылайык таамай ракеталарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аскердик радиусу – 5 500 чакырым.
Бешинчи муундагы россиялык оор истребителди Украина Куралдуу күчтөрүнө каршы колдонуу ашыкчалык кылгандай. Менимче, Украинаны демилитаризациялоо – жогорку технологиялык душман менен кармашта оор милдеттерди аткара ала турган Су-57нин негизги максаты эмес. Украинадагы атайын операцияда РФтин Аба-космостук күчтөрүнүн истребителдик авиациясынын негизги учактары – Су-30СМ жана Су-35. Ошентсе да Су-57 – НАТОнун "көздөрү менен кулактарына" каршы туруу, тактикалык ыкмаларды курчутуу, жашыруун ракеталык сокку урууга машыгуу жана оор С-70 "Охотник" учкучсуз менен айкалыштыруу үчүн кыйла таасирдүү.
Россиянын Аба-космостук күчтөрү бүгүнкү күндө альянстын авиациясы менен түз кармашууга даяр болууга аргасыз. Америкалык чалгындоо кызматы украиналык Башкы штабга реалдуу убакыт режиминде россиялык күчтөрдүн жайгашкан жери жана кыймылы жөнүндө канча айдан бери маалымат берип, киевдик режимге курал жана акча жагынан каралашып жатат. Башкача айтканда, НАТОнун Россия менен прокси-жаңжалын түз аскердик кагылышка айлантууну тездетүүдө.
Азовстальда багынып берген аскерлер бараткан колонна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс күндөлүгү: "Азовсталь", туткундар жана Батыштын майнапсыз жардамы

Аскердик артыкчылыгы

Су-57 истребители 400 чакырымга чейинки аралыктан аба жана жердеги буталарды аныктап, 62ге чейинки объектини коштоп, куралдын 50 түрүн ташый алат. Арсеналдын баары ички бөлүктөрүнө жайгаштырылат.
Тоскоолдуктарды тоготпогону күчтөрдүн ар кандай түрүн башкаруунун автоматташтырылган тутумдары менен ынанымдуу аракет этүүгө мүмкүндүк берет. Болжолдуу салгылашта Су-57 америкалык "көзгө көрүнбөс" F-22 жана F-35ти эртерээк аныктап, жок кылып кое алат.
Мурдараак The Military Watch Magazine атайын Су-57 үчүн чыгарылган "аба – аба" тибиндеги россиялык К-77 ракетасына мүнөздөмө берип, 190 чакырымдан ашуун аралыкты багындырган чакан жана абдан кооптуу экенин белгилеген. Мыкты деп саналган америкалык AIM-120D ракетасынан кыйла артык. Бул бирдик ыраак аралык менен маневрдүүлүк жана тактыкты айкалыштырып, активдүү фазалык антенналык торчо менен мээлөө технологиясы К-77ни өтө алыс аралыкта да абдан таасирдүү кыла алат.
Ракетанын радиолокациялык системасы өз айланасында 360 градуста буталарын кармай алгандыктан душмандын эч бир истребители буйтап кете албайт. Су-57нин үстүнкү бети анча чагылбагандыктан душмандын радарларына көрүнбөйт. Ал эми учактын жалпактыгы жана корпусуна айкалыштырылган Х-диапазонундагы активдүү фазалык антенналык торчолуу радарлары чар тарапка көз салууну камсыздайт. Бул учкучка башка бардык истребителдерге караганда майнаптуу аракет этүүгө жол ачат.
"Каптал радиолокациялык станциялары" буталарды издөөдө жогорку автономдуулукту камсыз кылып, душмандын радарларына байкалтпайт. Ошону менен бирге эле бортундагы өз ракеталары үчүн буталарды аныктоонун натыйжалуулугун жоготпойт. Бул жагынан алар истребителге сапаттуу жаңы деңгээлди түзүп бере алышат.
Россиялык бешинчи муундагы истребителдин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – байкоо салуу-мээлөө системаларынын маалыматтарды иштеп чыгуусуна мүмкүндүк берген машиналык интеллектинин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээли. Бул мүнөздөмөсү учкучка оор милдеттерди аткарып, адамга көп күч келтирбей, бүт дитин тактикалык маневр жасоого коюуга шарт түзөт.
Жасалма интеллекти аскердик башкаруу тутумуна жогорку чеберчиликте айкалыштырылганын мындан билиңиз, учкуч айдаган Су-57 истребители автоматтык режимде тапшырмалардын 90 пайызын аткарып, алдын ала даярдалган программага ылайык өз алдынча аракет эте алат.
Танктарды коштоочу россиялык Терминатор машинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык "Терминаторлор" Украинаны демилитаризациялоону тездетет. Аскерий сереп
Кокус согушта учкуч жаракат алып же набыт болуп калса, башкаруу тутуму артыкчылыктуу буталарын өзү аныктап, сокку уруп, андан соң машина менен кишини базага автоматтык кайтарууну камсыз кылууга жөндөмдүү. Мындай технологиялык бийиктиктер америкалык бешинчи муундагы F-22 Raptor истребители үчүн да кол жеткис.
Аскердик артыкчылыкты кыймылдаткычтары – сүйрөгүчтүн үч өлчөмдүү вектору камсыздап, алыскы жана жакынкы салгылашта болуп көрбөгөндөй маневрларды жасоого мүмкүндүк берип, базага соо кайтууну кепилдейт.
Аэродромдук тейлөөдө да россиялык истребитель көп деле машакат жаратпай ыкчам (жер астындагы) аэродромдорго жайгашууга да ылайыкташкан. Күчтүү жана технологиялык жактан болжоп болгус Су-57 согуштук кырдаалда душмандын аргасын кетирет. Анткен менен артыкчылыкты деле көздөбөйт.
Азыркы куралдуу жаңжалдар Батыш агрессиясынын негизги алгоритми абада сандык жана сапаттык үстөмдүк экенин айгинелеп койду. Россиянын кубаттуу Аба-космостук күчтөрү АКШ менен НАТОнун акылга сыйбаган тышкы саясатына каршылык көрсөтүү үчүн зарыл. Су-57 истребителдеринин аскердик артыкчылыгы РФтин коопсуздугу, авиациялык өндүрүштөгү технологиялык прогресс жана дүйнөлүк курал рыногунда РФтин лидерлигин сактап калуу үчүн өтө маанилүү.
Су-57нин сынамык үлгүлөрү 2018-жылы Сирияда россиялык күчтөрдүн тобуна ийгиликтүү кызмат өтөп, техникалык мүнөздөмөлөрүн, интеллектуалдык маалыматтык-башкаруу комплексин, ракеталык курал жана борттук тутумдарын текшерүү үчүн ондон ашуун жолу учкан. Бешинчи муундагы Су-57 истребителинин биринчи сериялык бирдигин РФ күчтөрү 2020-жылдын декабрында алган. Бир жылдык план – 15 машина. РФ Коргоо министрлиги 76 учакка буюртма (үч авиаполк) берген. Бул 2027-жылга дейре аткарылмакчы.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Оперативдүү-тактикалык ракеталык комплекстин башкаруу кабинасында аскер кызматчысы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
АКШ жана НАТОго россиялык "лазердик эскертүү". "Задиранын" сырлары
Жаңылыктар түрмөгү
0