АКШ жана НАТОго россиялык "лазердик эскертүү". "Задиранын" сырлары

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүОперативдүү-тактикалык ракеталык комплекстин башкаруу кабинасында аскер кызматчысы. Архивдик сүрөт
Оперативдүү-тактикалык ракеталык комплекстин башкаруу кабинасында аскер кызматчысы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
Украинадагы атайын операцияда россиялык аскердик лазерлердин колдонулушу – кол куурчагына айланткан киевдик режимге НАТО өлкөлөрүнүн байма-бай жана деструктивдүү аскердик жардамынын мыйзам ченемдүү натыйжасы.
Ушундай оюн ортого салган Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко бул сапар лазердик комплекстер тегерегинде кеп учугун улаган.
Жаңы муундагы лазердик комплекстерди пайдалануу жөнүндөгү маалымат менен Москва АКШ жана алардын союздаштарына кайраштырып, кырдаалды ырбатуунун кооптуулугун – аба жана космостук мейкиндиктеги наркы ого эле кымбат радиоэлектрондук жана чалгындоочу оптикалык каражаттарды, анын ичинде Пентагондун алыскы орбитадагы спутниктерин заматта жок кылып коюу мүмкүн экенин эскерткендей болду.
Россиянын вице-премьер министри Юрий Борисов 18-майда беш секунда ичинде 5 чакырымдык аралыктан душмандын учкучсуз аппаратын куйкалап коё турган "Задира" аттуу жаңы муундагы лазердик комплексти Украинада пайдалануу туурасында билдирди. Бул – дүйнөдө согуштук кырдаалда лазердик куралды ийгиликтүү колдонуу жөнүндөгү биринчи билдирүү.
Вице-премьер "Задира" дээрлик сериялык түрдө өндүрүлүп, россиялык армия ар кандай лазердик комплекстер менен камсыздалып жатканын да тактап өттү. Жаңы физикалык принципте жасалгандары да чыгарылары күтүлүүдө. Бул болушунча купуя тема, ошентсе да Юрий Борисов душмандын Жерден 1500 чакырымдык бийиктеги чалгындоочу спутник тутумдарынын баарын лазердик импульс аркылуу жарактан чыгара ала турган "Пересвет" комплексинин күчүнөн кеп кылды.
Андан мурдараак да Борисов комплекстин энергетикалык түзүлүшүнүн да сырын ачып: "Биздин өзөктүк аппараттар душмандын тийиштүү куралын талкалоого зарыл болгон кубаттуулукту көз ачып жумганча топтоону өздөштүрүштү", — деген эле. Божомолубузда "Пересвет" лазердик комплексине "оптикалык мээлөөчү" катары атайын машина куруу конструктордук бюросунда иштелип чыккан СМ-890 мобилдик телескобу кызмат өтөйт. РФ Куралдуу күчтөрүнө 2017-жылы берилген мобилдик "Пересвет" 2018-жылдын 1-декабрынан тарта аскердик нөөмөт өтөп келет.
Россиялык Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов 2019-жылдын аягында чет элдик аскердик элчилер менен жолугушууда лазердик комплекстин аскердик нөөмөтү "жылып туруучу кыртыштык ракеталык комплекстердин позициялык райондорунда" уюштурулганын кабарлаган.
Абадан коргонуу тутумуна кошумча катары 2020-жылдын көктөмүндө "Пересвет" Сирияда ийгиликтүү сыналган. Лазердик импульс берилгенде америкалык "Томагавктар" өздөрүн-өздөрү жок кылат. Ошентсе да бул жогорку технологиялык керемет куралды Юрий Борисов 18-майда "кечээги күндүн" ийгилиги катары баалап койду. Демек, коргоо жана коопсуздук тармагында "жаңы физикалык принциптердеги" комплекстер Россияга артыкчылыкты берерин азырынча боолголоп гана коёлу.
С-500 Прометей ракеталык системасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Космостон урулган өзөктүк соккудан сактайт. "Прометей" тутумуна мүнөздөмө

Сырдуу "Задира"

"Задира" лазердик комплекси сериялап чыгарылып, күчтөр аны менен жабдылып, учкучсуздарды 5000 метрлик аралыктан кыйратууда. Мындан улам, демек, бул курал душмандын көңүлүн анча бура бербеген мобилдик жана чакан аппарат деп болжосок болчудай.
Ошондой эле РФ Коргоо министрлиги 2017-жылдын жайында эле "Россиялык федералдык өзөктүк борборго" жаңы физикалык принциптерде "Задира-16" аскердик комплексин иштеп чыгууга буюртма бергени белгилүү. Башкача айтканда, бул долбоор "Пересвет" комплексине альтернативдик нукта жүргөн.
Соңку үлгүдөгү бул куралдын дарамети жана согушта пайдалануу тактикасы купуя сыр. Анткен менен болжолдуу душмандын Аскер-деңиз флоту жана Аскер-деңиз күчтөрү канаттуу ракеталар жана "стелс" менен корголгон учактары менен жык куралданышынан улам "Задира" жана анын тибиндеги куралдар учкучсуздарды гана жок кылуу үчүн жасалбаганын, ал эми 5000 метр – чек эместигин болжоого мүмкүндүк берет. Лазердик комплексти авиациялык жана деңиз каражаттары менен айкалыштырууга болору айныгыс. РФ Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, "жер – аба" жана "аба – аба" тибиндеги ракеталык соккулардан коргонуу үчүн стратегиялык, тактикалык жана армиялык авиациянын учактарын лазердик тутумдар менен жабдуу варианттары да иштелип чыгууда.
Келечектүү дагы бир өзүнчө багыт – РФ Коргоо министрлигинин космостук аппараттар тобунун улам көбөйүшү. Бүгүнкү күндө орбитага аскердик багыттагы дагы бир спутник – "Космос-2556" чыгарылган.
Россиянын лазердик куралы бүгүнкү күндө кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ал эми эртең дагы чакан жасалып, кубаттуулугу артары бышык. РФ президенти Владимир Путин: "Мындай аскердик комплекстер Россиянын, атап айтканда, өз коопсуздугун камсыздоо тармагында мүмкүнчүлүктөрүн кыйла арттырат", – деп белгилеген эле.
Кошмо Штаттар жана НАТОнун бул өңдүү комплекстери жок экенин да кошумчалай кетели. Америкалыктар деңиз жана абага ылайыкталган аскердик лазер долбоорлору менен ондогон жылдар бою алпурушса да, сериялык өндүрүшкө жетишерлик жыйынтыктарды жарата албады.
Ак үй РФ аймагында колдонулушу жана жаңжалдын создуктурулушунан чочуламыш болуп киевдик режимге мурда убада кылган 300 чакырымга чейинки аралыкка аткан M270 MLRS жана M142 HIMARS залптык октун реактивдүү тутумун берүүдөн баш тартууда. Соңку айларда АКШ союздаштарынын кампаларын аңтарып, Чыгыш Европа өлкөлөрү аркылуу Украинаны совет доорунан калган залптык октун реактивдүү системалары менен камсыздаган.
Америкалыктар Европада чектен чыккан прокси-эскалациядан жана АКШ менен НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аймагына жооп катары урулчу жогорку технологиялык соккудан кооптонот. Же Пентагонго чалгындоо жана навигацияны камсыз кылып турган спутниктердин жок кылынышынан чочулайт. Ал тургай киевдик режимге берилчү 40 млрд. доллар өлчөмүндөгү аскердик көмөктүн конгрессте талкууланышынан байкасак, сөзсүз өч алуу болорунан жүрөксүнүп тургандай элес калтырат. Вашингтон жана Брюсселдегилер Россиянын украиналык аймактардагы жогорку технологиялык, лазердик сигналын туура түшүнүштү деп боолголойм. РФтин атайын аскердик операциясы нугунда уланып, Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо милдеттери планга ылайык аткарылууда. Ага бөгөт болчу бардык аракеттердин мизи чечкиндүү жана жогорку технологиялык түрдө кайтарылмакчы.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Танктарды коштоочу россиялык Терминатор машинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык "Терминаторлор" Украинаны демилитаризациялоону тездетет. Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0