Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донбасс күндөлүгү: "Азовсталь", туткундар жана Батыштын майнапсыз жардамы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАзовстальда багынып берген аскерлер бараткан колонна
Азовстальда багынып берген аскерлер бараткан колонна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Жазылуу
АКШнын Киевге берилген миллиарддаган аскердик көмөгүнө карабастан РФ Куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы атайын аскердик операциясы ийгиликтүү уланууда деп белгилейт Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Россиялык күчтөр согуш талаасында тактикалык да, технологиялык жактан да артыкчылыгын көрсөтүүдө. Украина Куралдуу күчтөрү майтарылары айныгыс. 16 миңдин тегерегиндеги украиналык жоокер Северодонецк жана Лисичанскиде курчоодо калды. Донбасстагы Украина Куралдуу күчтөрүнүн тобун жок кылуу операциясына Россиянын мотоаткычтары, танкист, артиллеристтери, атайын багыттагы бөлүктөрү, армиялык авиация, Аба-космостук күчтөрү жана Аскер-деңиз флоту катышууда.
Аскердик инфраструктуралык объектилерине ракеталык сокку уруулар күч алды. Мурдагы күнү Польша менен чек арадан 20 чакырымдык аралыктагы Львов облусундагы Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү жайгашкан жерлер жана арсеналдары жок кылынды. Кечээ алар курал сактоочу кампага айландырган Бахмуттагы заводго сокку урулду.
Батыштын киевдик режимге берген аскердик жардамы кырдаалды өзгөртүп жибербейт. Анткени НАТОлук куралдар Украина территориясында тынымсыз талкаланууда. Айрыкча "Калибр" менен "Оникстердин" чабуулу Николаев жана Одесса облустарында. Бул жайкы мезгилге карата россиялык атайын операциянын приоритеттерин болжоого мүмкүндүк берет. Россиялык аскерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү контрчабуул жасоого аракеттенип жаткан Харьков облусунун түндүгүндөгү позицияларына да абадан топтоштурулган сокку урууда.
Украиналык аскерлердин Изюм, Запорожье жана Херсон багыттарында чабуул жасоо аракеттеринен майнап чыккан жок. Алардын аскердик деми күндөн-күнгө сууп, "Азов" улутчул түзүмүнүн 256 өкүлү ("Азовсталь" комбинатынын жер төлөсүнөн чыккан) багынып бериши да Украина Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиясынын көптөгөн жоокерлерине үлгү болору бышык. Туткундагы украиналык аскер кызматкерлеринин саны эбак 5 миңдин тегерегине жетти.
Андан мурун америкалык аскердик кеңешчи, Атайын операциялар күчтөрүнүн мурдагы командачысы Эрик Олсен россиялык күчтөргө багынып берген эле. Дагы атайын багыттагы жети америкалык (жалданма) аскер 15-майда Рубежное шаарында жок кылынган. Донбасста дагы британиялык үч аскер кеңешчисинин тагдыры дайынсыз.
Ушундан улам бундесвер генералы Эрих Вад (Ангела Меркелдин мурдагы кеңешчиси) россиялыктар согуштук аракеттердин жүрүшүн аныктап, 100 миңдик колу менен Донбасстагы 500 чакырым аралыктагы фронтто алдыга жылып баратканын айтты. Башкача айтканда, германиялык генерал сан жагынан эмес, эптүүлүк жана россиялык куралдын технологиялык артыкчылыгы менен жеңишке жетишип жатканын белгиледи.
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койду

Батыш кол сунбайт

Украина эки ай аралыгында АКШ менен НАТОнун арсеналын бир топ азайтты. Көп жылдык запастар жөн эле күйүп кетти. Ал эми горизонтто бой бербеген аракеттер байкалбайт.
"Жавелин" жана "Стингерлердин" запасын кайра калыптандырууга америкалыктарга эки жылдан беш жылга чейинки убакыт зарыл. Ошол эле убакта америкалык куралдын кыйла чоң бөлүгү Киев аркылуу транзит менен Африка өлкөлөрүнө кетти – бул жөн гана бизнес.
Бирок көзөмөлсүз жөнөтүлүп, террорчулардын колуна тийип жаткан Stinger көчмө зениттик-ракеталык комплекстери, Javelin танкага каршы комплекстери жана NLAW танкага каршы швециялык-британиялык көчмө ракеталары жакында НАТО өлкөлөрүнүн аймагында атылып калышы да ыктымал. Экинчи жагынан Украина батыштык куралдардын беделин да түшүрүүдө.
Командачылыктын тыюу салганына карабай украиналык аскер кызматкерлери эскилиги жеткен, ынанымсыз жана таасирдүүлүгү аз батыш куралдарын, атап айтканда, америкалык М113 зооттолгон транспортерлорун, абадан коргонуучу британиялык аскердик техниканы, польшалык жана чехиялык танк, өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөрдү, гранатометторду, ал тургай "Жавелиндерди" кескин сынга алууда.
Жакында эле дүйнө жүзү боюнча топтолуп, киевдик режимге НАТО өлкөлөрү тарабынан берилген – Варшава келишими кабыл алынган мезгилдеги учактар жана абадан коргонуу комплекстери анда-санда аракетке өтүп, Түндүк атлантика альянсынын штабдарынын буйругу менен бир жерден экинчи жерге көчүрүлүүдө. НАТОнун чалгын кызматынын көрсөтмөлөрү боюнча, пассивдүү режимде ок атууга чыгып калууда. Канткен учурда да Россиянын Аба-космостук күчтөрү жана Абадан коргонуу тутуму Украина аба мейкиндигин толугу менен көзөмөлдөөдө.
Атайын операциянын жүрүшүндө россиялык зениттик-ракеталык комплекстердин жогорку майнаптуулугу тастыкталып, технологиялык жактан мандеми арбын америкалык MQ-9 Reaper учкучсуз учуучу аппаратынын келечеги аныкталып калды.
Украина аба мейкиндигинде түркиялык "Байрактар-ТБ2нин" да бедели төмөндөй түштү. Себеби бул типтеги учкучсуздардын атып түшүрүлүшү ондоп саналууда. Атайын аскердик операция башталгандан тарта Украина Куралдуу күчтөрүнүн 168 учагы, 125 тик учагы, 912 учкучсуз учуучу аппараты, 309 зениттик-ракеталык комплекси, 3 134 танк жана башка ок өткөрбөс машина, 385 залптык октун реактивдүү тутуму, талаа артиллериясынын 1 542 куралы кыйрады.
Вашингтондун антироссиялык маалыматтык согушу, Кошмо Штаттардын жогорку бийлигинин өкүлдөрүнүн Украинаны НАТОго тез кабыл алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу акылга сыйбаган билдирүүлөрү, РФтин атайын операциясынын "графиктен кечигип жатышы" жөнүндөгү британиялык чалгын кызматынын ойдон чыгарып тараткан кабарлары, киевдик режимдин Украина Куралдуу күчтөрүнүн июлга белгиленген чабуул туурасындагы көксөгөнү – булардын баары Украинада "Байдендин Путинге каршы казаты" жеңилип жатканын айгинелейт.
Башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Батыштын "Украинадагы жаңжалдан Россия жеңүүчү болуп чыкпасын" деген максаты маңызында кол жеткис. Кошмо Штаттар дагы стратегиялык жактан жеңилип, европалык союздаштары бул америкалык үстөмдүктүн соңу экенин түшүнүп калышты. Ал эми дүйнөлүк жаңы – теңата жана бөлүнгүс коопсуз тартипти бүгүн Россия түзүп жатканына көздөрү жетип турат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДЭР башчысы: "Азовсталдагы" багынган украиналык согушкерлердин тагдырын сот чечет
Жаңылыктар түрмөгү
0