Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиялык "Терминаторлор" Украинаны демилитаризациялоону тездетет. Аскерий сереп

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТанктарды коштоочу россиялык "Терминатор" машинасы. Архив
Танктарды коштоочу россиялык Терминатор машинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Жазылуу
Танктарды коштоочу россиялык "Терминатор" машиналары сокку уруу дараметин арттырып, чабуулдук аракеттердин динамикасын өстүрүп, ошондой эле Донбасс жана башка багыттарда Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулдарынын мизин кайтарууга жол берет.
Ушундай оюн ортого салган Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко аталган аскердик унаанын мүнөздөмөлөрүнө кеңири токтолгон.
Россия атайын аскердик операциясында Украинаны демилитаризация жана денацификациялоону тездетүү үчүн танктарды коштоочу "Терминатор" машиналарын пайдалана баштады. Лисичанск-Северодонецкиде Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү бул ок өткөрбөс унаа менен таанышты. "Терминаторлор" ыкчам түрдө алар жайгашкан жерлерди талдап, танкка каршы батыштык өндүрүштөгү комплекстерди жок кылууга үлгүрүштү.
"Терминаторлор" пайдаланууга 2018-жылы берилип, Сирия жергесинде ийгиликтүү сыналган. 2021-жылы РФ Куралдуу күчтөрү бул машиналар менен активдүү куралдана баштаган. Беларусь Республикасындагы "Батыш – 2021" РФ менен биргелешкен окууда бул аскердик машиналар Россиянын Батыш аскердик округунун 1-гвардиялык танк армиясынын катарында катышкан. Анда аталган машиналар абадан коргонуу тутумунун каражаттары, ыкчам багыттагы "Иноходец" жана "Форпост" учкучсуздары менен бирдиктүү чалгындоо-сокку уруу контурунда айкалыштырылган. Бул "Терминаторлор" тактикалык звенону тескөөнүн бирдиктүү тутумуна интеграцияланарын тастыктайт.
Т-72 танкынын базасында (алгачкы модификациясы – Т-90) заманбап аскердик тажрыйбаларды эске алуу менен куралган "Терминатор" – күчтүү куралданган, алдынкы башкаруу система камтылган маневрдүү, көп буталуу, ок өткөрбөс унаа.
Аталган аскердик машиналар Т-72, Т-80, Т-90, Т-14 танктарын коргоого багытталып, башкача айтканда, алдыга тизилген ок өткөрбөс техникаларды, жапыз учкан учак, тик учак, учкучсуздарды, ошондой эле душмандын танкка каршы каражаттарын жок кылууга ылайыкталган.
"Терминатор" Украина Куралдуу күчтөрүнүн сооттолгон техникасын "Атака" ракеталык комплекси менен 6 миң метр аралыктан, ал эми 30 мм замбирек менен 1,5 миң метр алыстан туруп кыйрата алат.
2А42 автоматтык замбиреги абадагы бутасын 2,5 миң метр аралыктан, ал эми тирүү күчтөрдү 4 миң метрден жок кылууга жөндөмдүү. Ага кошоктолгон Калашниковдун танкка ылайыкталган, заманга бапташтырылган 7,62 мм пулемёту деңизде 3,8 миң метр аралыктан таамай атуу менен коопсуздукту камсыздай алат.
Машина кыска аралыкка да жакшы ылайыкташтырылган. Согуш талаасында бир "Терминатор" эки танкты, ал эми шаар шартында эки аскердик машина бир танкты коргойт. Бул кабар калаа ичиндеги курулуштарда аракет этүүнү туура көргөн Украина Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиясынын бөлүктөрүнүн көңүлүн чөктүрдү.
С-500 Прометей ракеталык системасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Космостон урулган өзөктүк соккудан сактайт. "Прометей" тутумуна мүнөздөмө

Келечектен келген мейман

17-майда эки украиналык механизациялаштырылган батальон Запорожье облусунда Россиянын Куралдуу күчтөрүнө айбат көрсөтүүгө тырышты. Андай аракеттерди РФ Куралдуу күчтөрүнүн чалгындоо каражаттары дароо каттап, учкучсуз аппараттар, артиллерия менен сокку урушту. Натыйжада украиналык 26 танк, 12 пехота машинасы жана 100дүн тегерегиндеги аскер кызматкери жок кылынган. Мында, балким, "Терминаторлор" өз ролун ойногону айныгыс.
"Терминатор" – элестүү түрдө мындан да көп функцияны аткара билген келечектен келген универсалдык жоокер. Буталарын аныктап, таанып, ок атууну башкаруунун автоматтык системасы, стволдуу жана тескелүүчү ракеталык куралдын синтези согуш талаасында эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү берет. Уникалдуу унаа куралдардын бардык түрү менен бир учурда буталардын үч тобуна чейин талкалай алат.
Экипаж командиринин функциялары да кеңейтилген. Мээлөөчүдөгү сүрөттү өзүнчө дисплейге чыгарып, унаанын мунарасын чар тарапка буруп, куралды башкара алат.
"Терминатор" аэрозолдук экранга чыгаруу тутумуна ээ, бул сапаты – душмандын таамай куралдарынан, жарым активдүү лазердик аныктоо системаларынан коргойт. Байкоо салуунун автоматтык тутуму лазердик нурду оптикалык жана акустикалык жол менен аныктап, аэрозолдук экранды душмандын танкка каршы куралдарына автоматтык мээлөөнү жана командирдин панорамалык мээлөөсүн лазердик нур булагына карай буруп коё алат. Кошумча мүмкүнчүлүктөрү машинаны тактикалык звенону башкаруунун бирдиктүү тутумуна интеграциялоого мүмкүндүк берет.
Сыртынан аталган машиналар баштапкы үлгү катары алынган танктардан айырмаланып, мунаралары жок. "Терминатор-2" (Т-72 негизиндеги) ичинде киши отурбаган, аралыктан башкарылган модулга, ошону менен бирге эле сооттолгон капсуладагы курал-жарак коруна ээ.
Экипаж модификациясына жараша 3-5 кишиден турат. Командир жана наводчик өзүнчө ок өткөрбөс бөлүгүндө отурушат.
"Терминаторлордун" башкалардан өзгөчөлүгү – ГЛОНАСС навигациялык системасына ээ болушу. Жаңы муундагы "Реликт" динамикалык коргоосу бар, ошондой эле ок өткөрбөс каражаттар менен кат-кат капталган.
Кошумча коргоону экрандары, корпусундагы кумулятивге каршы торчолору камсыздайт. Миң аттын күчүнө тете кубаттуулуктагы В-92С2 дизелдик кыймылдаткычы күчтүү куралдар менен айкалыша алат.
"Уралвагонзавод" долбоорду киши колдонбогон аскердик модулдуу жана "Байкал" 57 мм замбиректүү "Арматтын" платформасынын негизинде дагы өркүндөтүүнү улантып келет. Мындан тышкары, жасалма интеллект менен да "Терминатордун" айдоочусуз модификациясы иштелип чыгууда. Азыркы учурда ушундай технологиялар АКШ менен НАТО үчүн кол жеткис.
Германиялык Stern басылмасы "Терминатор" экспорттук эң көп сатылчулардын катарын толуктаарын боолголойт. Сериялык өндүрүшү башталгандан тарта Казакстанга гана 10 машина жөнөтүлгөн.
Ошентсе да россиялык "Терминатордун" экспорттук дарамети чоң, анткени дүйнөдө теңдеши жок.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Азовстальда багынып берген аскерлер бараткан колонна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс күндөлүгү: "Азовсталь", туткундар жана Батыштын майнапсыз жардамы
Жаңылыктар түрмөгү
0