https://sputnik.kg/20220520/eaeb-tovar-tankystygyn-zharatpash-uchun-eaeb-korgon-charalar-1064568735.html
Товар таңсыктыгын жаратпаш үчүн ЕАЭБ кризиске каршы кандай чара көрүүдө
Товар таңсыктыгын жаратпаш үчүн ЕАЭБ кризиске каршы кандай чара көрүүдө
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ өкмөттөрү союздагы мамлекеттердин экономикадагы туруктуулугун камсыздоо үчүн планды шашылыш түрдө иштеп чыгып, кабыл алды. Алардын компоненттеринин бири ... 20.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-20T19:10+0600
2022-05-20T19:10+0600
2022-05-20T19:10+0600
кыргызстан
еаэбдеги кыргызстан
еэк
максат мамытканов
рынок
логистика
пошлина
https://sputnik.kg/img/07e6/05/14/1064565806_0:138:3076:1868_1920x0_80_0_0_2f00e653554b4ee15ca603aba19b049f.jpg
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Дүйнөдөгү саясий окуялардын фонунда Евразиялык экономикалык бирикмеге кирген өлкөлөрдүн экономикасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы боюнча ЕЭКтин Бажы кызматташуусу боюнча министри Максат Мамытканов айтып берди.Ал бүгүн Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "ЕАЭБдеги бажы кызматташтыгы жана навигациялык пломбаларды колдонуунун келечеги" аттуу видеокөпүрөгө катышты.Анын айтымына караганда, бүгүн ишке ашып жаткан чаралар октябрга чейин каралган. Товарлардын таңсыктыгы жаралбашы жана Евразия айдыңындагы рыноктордун таптакыр эле отуруп калбашы үчүн ЕЭК кеңеши жеке колдонуу максатындагы товарларды пошлинасы жок ташып келүү босогосун көтөрүү чечимин кабыл алган.Кезектеги чара — утурумдук деп ташып келинген, бажы төлөмү алынбай турган товарларды жайгаштыруу мөөнөтү да узартылган. Андай категорияга контейнерлер, илим, кинематография, спорт, туризм жана дагы бир катар тармактагы товарлар кирери айтылды."Бизде утурумдук ташып келинип, ЕАЭБдин аймагында мезгилдик болгону үчүн бажы алымы салынбаган товарлар бар. Башкача айтканда, алар ташып келинет да зарылдыгы жок болсо алып чыгып кетишет. Бирок андай товарларды кайра чыгарып кетүүдө логистикалык кыйынчылыктар жаралгандыктан, жүктөргө жайгашып турган орду үчүн эки жылга чейин эч кандай акы алынбай турган болду. Мындайча айтканда, биздин өлкөнүн аймагында мыйзамсыз турат деп эсептелбейт", — деди Мамытканов.Анын айтымында, булар бизнес менен логистикалык компанияларга чындыгында эле жардам бере турган чаралар.
https://sputnik.kg/20220520/eaeb-tovarlardy-myyzamsyz-tashuu-1064564015.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/14/1064565806_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_ee0f003bbccb3319a64adf3cb670bb7d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, еаэбдеги кыргызстан, еэк, максат мамытканов, рынок, логистика, пошлина
кыргызстан, еаэбдеги кыргызстан, еэк, максат мамытканов, рынок, логистика, пошлина
Товар таңсыктыгын жаратпаш үчүн ЕАЭБ кризиске каршы кандай чара көрүүдө
ЕАЭБ өкмөттөрү союздагы мамлекеттердин экономикадагы туруктуулугун камсыздоо үчүн планды шашылыш түрдө иштеп чыгып, кабыл алды. Алардын компоненттеринин бири — бажы жагынан коштоо.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Дүйнөдөгү саясий окуялардын фонунда Евразиялык экономикалык бирикмеге кирген өлкөлөрдүн экономикасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы боюнча ЕЭКтин Бажы кызматташуусу боюнча министри Максат Мамытканов айтып берди.
Ал бүгүн Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "ЕАЭБдеги бажы кызматташтыгы жана навигациялык пломбаларды колдонуунун келечеги" аттуу видеокөпүрөгө катышты.
"Дүйнөдө болуп жаткан процесстерге байланыштуу ЕАЭБ өлкөлөрү союздагы мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн планды шашылыш түрдө иштеп чыгып, кабыл алды. Алардын компоненттеринин бири — бажы жагынан коштоо. Бул биринчи иретте товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү", — деп түшүндүрдү ЕЭК министри.
Анын айтымына караганда, бүгүн ишке ашып жаткан чаралар октябрга чейин каралган. Товарлардын таңсыктыгы жаралбашы жана Евразия айдыңындагы рыноктордун таптакыр эле отуруп калбашы үчүн ЕЭК кеңеши жеке колдонуу максатындагы товарларды пошлинасы жок ташып келүү босогосун көтөрүү чечимин кабыл алган.
"Мурда чектөө 200 евро эле, эми рынокту толтурууну камсыздоо үчүн аны 1000 еврого чейин көтөрүү чечими кабыл алынды. Бул чаралар 1-октябрга чейин гана иштейт. Товарды адамдар өздөрү эле алып келбестен, жөнөтүүчүлөр аркылуу да салса болот. Буюм-тайымдарды өзүнүн муктаждыгы үчүн алып келген жарандар үчүн да бул босого 1000 еврого чыкты", — деп кошумчалады ал.
Кезектеги чара — утурумдук деп ташып келинген, бажы төлөмү алынбай турган товарларды жайгаштыруу мөөнөтү да узартылган. Андай категорияга контейнерлер, илим, кинематография, спорт, туризм жана дагы бир катар тармактагы товарлар кирери айтылды.
"Бизде утурумдук ташып келинип, ЕАЭБдин аймагында мезгилдик болгону үчүн бажы алымы салынбаган товарлар бар. Башкача айтканда, алар ташып келинет да зарылдыгы жок болсо алып чыгып кетишет. Бирок андай товарларды кайра чыгарып кетүүдө логистикалык кыйынчылыктар жаралгандыктан, жүктөргө жайгашып турган орду үчүн эки жылга чейин эч кандай акы алынбай турган болду. Мындайча айтканда, биздин өлкөнүн аймагында мыйзамсыз турат деп эсептелбейт", — деди Мамытканов.
Анын айтымында, булар бизнес менен логистикалык компанияларга чындыгында эле жардам бере турган чаралар.