Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сапаров: 28-майда "Бишкек туризм фестивалы" өтөт

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров
Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Жазылуу
Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров туризм чөйрөсүндөгү сервис-провайдерлердин ишин жакшыртуу максатында 28-майда Бишкек туризм фестивалы өтөрүн айтты.
Фестиваль жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө, кызматташтыкты жогорулатууга жакшы аянтча болуп, чет элдик жана жергиликтүү адистердин башын бириктирет. Бул тууралуу Нурбек Сапаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сапаров: 28-майда "Бишкек туризм фестивалы" өтөт
Анын айтымында, өлкөнүн туризм дараметин илгерилетүү жана туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу иштер керек.
"28-майда борбор калаада "Бишкек туризм фестивалы" ири масштабда өтөт. Фестиваль жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө, кызматташтыкты жогорулатууга жакшы аянтча болуп, чет элдик жана жергиликтүү адистердин башын бириктирет. Биз учурда 2019-жылдагы туризмди үлгү катары карап, ага салыштырмалуу жакшы жыйынтыктарга жетүү аракетин көрүп жатабыз. Албетте, авиакаттамдар, билет баасы геосаясий абалга байланыштуу өзгөрүп, ички жана тышкы туризмдин өнүгүшүнө таасирин берет. Ага карабастан туризм чөйрөсүндөгү сервис-провайдерлердин ишин жакшыртуу, туроператорлордун кызматын бийик деңгээлге чыгаруу жолдорун карап жатабыз", — деди Сапаров.
Ошондой эле адис туруктуу туризмди өнүктүрүүдө экология маселесине астейдил мамиле кылууга басым жасоо керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0