ЕАЭБ өзүнүн баа системасын иштеп чыгат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБиржа мониторлорунун алдында турган адам. Архив
Биржа мониторлорунун алдында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Жазылуу
Министр Сергей Глазьев бирдиктүү биржа мейкиндиги концепциясы боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги өзүнүн валюталык баа системасын иштеп чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри, экономика илимдеринин доктору Сергей Глазьев билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин "ЕАЭБ өлкөлөрү экономикалык кыйынчылыктарга кантип каршы тура алат?" деп аталган видео көпүрөсүнө катышты.
Министр бирдиктүү биржа мейкиндиги концепциясы боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
"Биз жакынкы келечекте өзүбүздүн биржалык товарларга баа коюу борборлорубузду түзгүбүз келет. Бул өтө татаал маселе. Мындан эки жыл мурун мунайдын баасын төмөндөткөн чет элдик баа борборлорунун обонуна кантип "бийлегенибиз" эсибизде. Анда бааларды дээрлик нөлгө түшүрүп, дүйнөлүк экономиканы шок кылышкан", — деди Глазьев.
Ал белгилегендей, азыр эгиндин, металлдын, мунайдын, газдын баасы көтөрүлүп, инфляция күч алды. Бирок кайсы бир учурда болуп көрбөгөндөй арзандап, кайра асманга чыгышы мүмкүн.
"Мындай шартта сооданы, кооперацияны жана өндүрүштү өнүктүрүүнү колдоо мүмкүн эмес. Ошондуктан биз өзүбүздүн валюталык баа системасын түзүү жөнүндө ойлондук", — деди министр.
Глазьев бул тема 26-майда Бишкекте өтө турган Европалык экономикалык форумдун секцияларынын биринде талкууланарын кошумчалады.
Ошондой эле ал аталган форумда дагы кандай маселелер караларын айтып берди:
өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу (өзүнчө блок);
өнөр жай кооперациясынын жана агроөнөр жай комплексинин негизги багыттары, анын ичинде агроөнөр жай комплексин санариптик модернизациялоо. Илимий жана бизнес коомчулукка сунуш кылгысы келген бир катар концептуалдык документтерди кабыл алуу;
техникалык жөнгө салуу маселелери. Бул техникалык регламенттерди иштеп чыгуу менен гана эмес, аларды колдонуу менен да байланыштуу;
транспорттук артериялар жана энергетика — Кыргызстан үчүн маанилүү тармактар (Глазьев бул бөлүмдөр конкреттүү сунуштар жана долбоорлор менен толукталат деп үмүттөнөт);
санариптик өнүгүү — кеңири тема. Күн тартибинде жаңы санариптик демилгелер, мисалы, өндүрүлгөн өнөр жай продукциясы боюнча маалымат алмашуу үчүн маалымат базасын түзүү;
электрондук коммерция — жакшы жөнгө салынбаган жаңы чоң тармак.
Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Радио
Өмүрбекова: Россиядан эмгек мигранттарынын жапырт кетүүсү байкалган жок
Жаңылыктар түрмөгү
0