Шаршембиге карата аба ырайы

© AFP / PASCAL GUYOTЖаан учурунда кол чатыр менен кыз. Архив
Жаан учурунда кол чатыр менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Жазылуу
18-майга караган түнү Ысык-Көл облусунда гана өткүн өтүп, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. 18-майда өлкөнүн кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +24...+29, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл чөлкөмүндө +17...+22, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ошто +27...+29 градуска жетет.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0