Садыр Жапаров Абу-Дабиге учуп кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президент Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Жазылуу
БАЭнин мурдагы мамлекет башчысы узакка созулган оорудан улам 13-майда 74 жашында көз жумган.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Москвадан түз эле Абу-Даби шаарына БАЭнин мурдагы президенти Шейх Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышуу үчүн учуп кетти. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров андан эки күн мурда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага барган.
Эске салсак, БАЭнин мурдагы мамлекет башчысы узакка созулган оорудан улам 13-майда 74 жашында көз жумган. Ал Бириккен Араб Эмирлигин 2004-жылдан бери башкарып келген.
Бириккен Араб Эмирлигинин жаңы президенти болуп борбор калаа Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед ибн Заид Аль Нахайян шайланган.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Бириккен Араб Эмирлигине барып, алардын элине, жаңы шайланган президенти Мухаммед ибн Заид Аль Нахайянга жана анын үй-бүлөсүнө шейх Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын көз жумганына байланыштуу көңүл айтты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Токаев БАЭге барып көңүл айтып жана жаңы президентти кызматы менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0