https://sputnik.kg/20220516/kazakstanda-zhenildik-menen-avtokredit-berilip-el-avtosalondorgo-agyldy-1064445851.html
Казакстанда жеңилдик менен автокредит берилип, эл автосалондорго агылды. Видео
Казакстанда жеңилдик менен автокредит берилип, эл автосалондорго агылды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Казакстанда жети жылга 4 пайыз жеңилдик менен насыя берилип баштады. Автосалондо узун кезек жаралууда. 16.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-16T15:38+0600
2022-05-16T15:38+0600
2022-05-16T15:39+0600
дүйнөдө
казакстан
автокредит
автосалон
видео
https://sputnik.kg/img/07e6/05/10/1064442370_0:153:3087:1889_1920x0_80_0_0_ca7932a95357decd83839fad20f486e3.jpg
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Казакстанда бүгүн жеңилдик менен автонасыя берүү башталгандыктан, темир тулпар алууга ашыккандар автосалондорду каптады. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.Программанын шарты боюнча ар бир казакстандык 4 пайыздык насыя менен автокөлүк ала алат. Ал жети жылга 10 миллион теңгеден ашпаган суммага берилет. Баштапкы төлөмү нөл пайыз, ал эми транспорт каражатынын баасы 15 миллион теңгеден жогору болбошу керек.Мындай маалыматтан улам таң эрте Казакстандагы автосалондорго жеңилдетилген насыя менен темир тулпар алууга агылган эл көбөйдү. Аталган жайлардын кызматкерлери тизме түзүп, мүмкүнчүлүгү жете турган кардарларды аныктап, акча төлөй турган кагазын жазып берип, маалыматтар топтомуна киргизип, кезеги келгенде чала тургандыктарын айтышууда.Ал эми келгендер кезектеги оруну сакталып калабы же жокпу деп кабатыр болуп жатканын да билдиришкен.Эң көп суроо-талап Kia Rio автоунаасына болуп жатканы айтылды.
https://sputnik.kg/20220515/kyrgyzstan-avtounaa-baa-infografika-1064426731.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/10/1064442370_349:0:3080:2048_1920x0_80_0_0_b3b04e491a931a007c41812da4222868.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, казакстан, автокредит, автосалон, видео
дүйнөдө, казакстан, автокредит, автосалон, видео
Казакстанда жеңилдик менен автокредит берилип, эл автосалондорго агылды. Видео
15:38 16.05.2022 (Жаңыртылды: 15:39 16.05.2022) Казакстанда жети жылга 4 пайыз жеңилдик менен насыя берилип баштады. Автосалондо узун кезек жаралууда.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Казакстанда бүгүн жеңилдик менен автонасыя берүү башталгандыктан, темир тулпар алууга ашыккандар автосалондорду каптады. Бул туурасында
Sputnik Казакстан жазды.
Программанын шарты боюнча ар бир казакстандык 4 пайыздык насыя менен автокөлүк ала алат. Ал жети жылга 10 миллион теңгеден ашпаган суммага берилет. Баштапкы төлөмү нөл пайыз, ал эми транспорт каражатынын баасы 15 миллион теңгеден жогору болбошу керек.
Мындай маалыматтан улам таң эрте Казакстандагы автосалондорго жеңилдетилген насыя менен темир тулпар алууга агылган эл көбөйдү. Аталган жайлардын кызматкерлери тизме түзүп, мүмкүнчүлүгү жете турган кардарларды аныктап, акча төлөй турган кагазын жазып берип, маалыматтар топтомуна киргизип, кезеги келгенде чала тургандыктарын айтышууда.
"Эрежеге ылайык, салондор кезектегилерге VIN-код (темир тулпардын уникалдуу коду) бериши керек эле, бирок азырынча андай болгон жок", — деп жазган агенттик.
Ал эми келгендер кезектеги оруну сакталып калабы же жокпу деп кабатыр болуп жатканын да билдиришкен.
Эң көп суроо-талап Kia Rio автоунаасына болуп жатканы айтылды.