Кыргызстанда туристтерге виза берүү мөөнөтү бир күнгө чейин кыскартылат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 1-жыйыны өттү
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 1-жыйыны өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Жазылуу
Жыйында өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар, туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытында тиешелүү органдардын аткарып жаткан иштери талкууланды.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 1-жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 1-жыйыны өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 1-жыйыны өттү - Sputnik Кыргызстан
1/3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 1-жыйыны өттү

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Жыйында өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар, туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытында тиешелүү органдардын аткарып жаткан иштери талкууланды

Жыйында өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар, туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытында тиешелүү органдардын аткарып жаткан иштери талкууланды - Sputnik Кыргызстан
2/3

Жыйында өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар, туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытында тиешелүү органдардын аткарып жаткан иштери талкууланды

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Жаңыдан түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан инфраструктуралык долбоорлор көрсөтүлдү.

Жаңыдан түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан инфраструктуралык долбоорлор көрсөтүлдү. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Жаңыдан түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан инфраструктуралык долбоорлор көрсөтүлдү.

1/3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 1-жыйыны өттү

2/3

Жыйында өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар, туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытында тиешелүү органдардын аткарып жаткан иштери талкууланды

3/3

Жаңыдан түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан инфраструктуралык долбоорлор көрсөтүлдү.

Жыйында өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар, туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытында тиешелүү органдардын аткарып жаткан иштери талкууланды. Жаңыдан түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан инфраструктуралык долбоорлор көрсөтүлдү.
Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтердин көп келери күтүлүп жатканын айтып, колдогу мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин баса белгиледи.
"Чет элдик туристтерге электрондук виза берүү мөөнөтү 2,5 күнгө кыскарды, эми бир күндүн ичинде ала турганга шарт түзүш керек. Кооз жасалгаланган боз үйлөрдү Көлгө бараткан жолдорго жайгаштырууну тапшырам. Эң көп турист Казакстан менен болгон чек ара аркылуу киргендигин эске алып, чек ара өткөрүү пунктуларында туристтер үчүн өзүнчө жашыл коридор уюштурушубуз зарыл", — деди Жапаров.
Ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө багытталган мыкты долбоорлорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу колдоого даяр экенин кошумчалады.
"Улуттук кеңеш да тез аранын ичинде туризмди өнүктүрүү боюнча стратегиялык программа иштеп чыгып, ишке ашыра баштообуз зарыл. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да буга тартылып, аймактардагы туристтик жайларга да көңүл бурулат", — деди ал.
Мамлекет эс алуу жайлары жана пансионаттарга баруучу жолдорду жакшыртууга аракеттенип, туристтик аймактардагы жергиликтүү бийликтин карамагындагы автоунаа жүргөн жолдор Транспорт министрлигинин карамагына өткөрүлөрү кабарланды.
Жапаров Туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд. сомдон каражат бөлүнүп, анын капиталын 5 млрд. сомго жеткирүү планын айтып берди.
Даараткана. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Өлкөдөгү туристтик жолдорго 68 тейлөөчү борбор дааратканасы менен салынат
Жаңылыктар түрмөгү
0