Мамдумада Украинанын түштүк бөлүгү Россияга кошулары айныгыс иш экени айтылды

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүРоссия Мамлекеттик Думасына Крымдан депутат болгон Михаил Шеремет. Архивдик сүрөт
Россия Мамлекеттик Думасына Крымдан депутат болгон Михаил Шеремет. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Жазылуу
Буга чейин Федералдык кеңештин спикери Валентина Матвиенко Херсон облусунун тургундары өз келечегин өздөрү тандай турганын, Россия болгону кабыл алынган чечимге баш иерин белгилеген.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Россия Мамлекеттик думасына Крымдан депутат болгон Михаил Шеремет Украинанын түштүк аймагы эзелтеден орус жери экенин белгилеп, алардын Россия менен биригүүсү айныгыс иш экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Украинанын түштүк аймагы Россия империясынын курамында болуп келген. Украинанын неонацисттери канчалык каршы болсо да бул аймактын эми кайра Россияга биригүүсү турулуу иш", — деген Шеремет.
Анын айтымында, бошотулган аймактарда жана улутчулдуктан кутула турган Одесса менен Николаев облусунда кийинчерээк референдум өтүп, эл өзүнүн жаңы келечегин тандап алат.
"Азырынча референдум өткөрүүгө эрте. Атайын операцияны аягына чыгарып, бошотулган региондордун коопсуздугун камсыздоо керек. Украина ракеталары учуп жаткан шаардын тургундарына тандоо жүргүзүү оор болот. Биринчи бардык шартты түзүп беришибиз зарыл", — деди Шеремет.
Буга чейин Федералдык кеңештин спикери Валентина Матвиенко Херсон облусунун тургундары өз келечегин өздөрү тандай турганын, Россия болгону кабыл алынган чечимге баш иерин белгилеген.
Россия аскерлери Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция маалында өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон облусун толугу менен жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Бул аймактарда жарандык-аскердик башкармалыктар түзүлүп, орус телеканалдары жана радиолору иштей баштап, Крым менен соода алакалары калыбына келтирилүүдө.
"Единая Россия" партиясынын башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак буга чейин Россия Херсон аймагына түбөлүккө келгенин, буга эч кандай шек болбошу керектигин айткан. Ал эми облустук администрациянын башчысы Владимир Салдо облус азыртадан эле Россия Федерациясынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилеген.
Украинанын аскер туткундары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Туткундалган украин жоокерлери кылмыштуу буйруктар тууралуу айтып берди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0