Казакстандын "Жаштар" театры Бишкекте "Кыз Жибек" мюзиклин тартуулайт

© Sputnik / Эмиль СадыровТоктоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театры. Архив
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Жазылуу
Спектакль 17-18-май күндөрү Кыргыз драма театрында көрсөтүлөт.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкекке Казакстандын мамлекеттик "Жаштар" театры келет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалым болгондой, коңшу мамлекеттин артисттери ордо калаада Габит Мусреповдун "Кыз Жибек" мюзиклин тартуулайт.
Спектакль 17-18-май күндөрү саат 19:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрында көрсөтүлөрү кошумчаланды.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Опера жана балет театры май айындагы репертуарын жарыялады. Убакыт-сааты
Жаңылыктар түрмөгү
0