Кытай, Индия менен жакындашуу, өз алдынчалуулугун жоготкон ЕБ. Лавровдун сөзү

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРФ ТИМ башчысы Сергей Лавров. Архивдик сүрөт
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Жазылуу
Дипломат азыркы өткөөл мезгилде келечектеги дүйнө түзүлүшүнүн архитектурасында Россиянын да, башкалардын да орду такталып-аныкталып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Россиянын Кытай, Индия сыяктуу мамлекеттер менен жакындашуусу акыры ишке аша турган процесс, буга тараптардын баары кызыкдар. Мындай билдирүүнү РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Тышкы жана коргонуу саясаты боюнча кеңештин XXX ассамблеясында сүйлөп жатып жасады.
Министр Россия-Кытай мамилеси азыркы тапта абдан жакшы экенин, Индия менен стратегиялык өнөктөштүк кеңейип, Алжир, Египет, Перс булуңунун өлкөлөрү менен алака жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын белгилеген.
"Ушундай эле көрүнүш Түштүк-Чыгыш Азия, Азия-Тынч океанынын мамлекеттери, Жакынкы Чыгыш, Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрү менен болгон мамиледе да байкалууда", — деди Лавров.
Дипломат азыркы өткөөл мезгилде келечектеги дүйнө түзүлүшүнүн архитектурасында Россиянын да, башкалардын да орду такталып-аныкталып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, батыш саясатчыларынын Россияны оолактатуу аракети суу кечпей турганына да токтолду.
"Көптөгөн эксперттер муну мойнуна алып жатат, азырынча көшөгө артында гана айтылса да кеп-сөз жүрүүдө", — деди министр.
Лавров башкалардын материалдык активдерин талап тоногон батыш мамлекеттеринин аракети өздөрүнүн кадырына доо кетиргенин белгиледи. Анын айтымында, экспроприация менен "мамлекеттик каракчылыкка" баары эле кабылышы мүмкүн, мындан "Россия эле эмес, башка дагы бир катар мамлекеттер америкалык доллардан, батыш технологиясы менен рынокторунан четтеп жатат".
Дипломат өз сөзүндө Евробиримдик АКШнын кызыкчылыгы үчүн өз алдынчалуулугун жоготуп жатканын да айтты.

"Евробиримдик анклосактардын бир полярдуу дүйнө түзүлүшү боюнча планына макул болуп өз алдынчалуулугунан биротоло кол жууп жатат. Мында европалыктардын жашоо ыңгайлуулугу, алардын түпкү кызыкчылыгы садага чабылууда", — деди министр.

Ал азыркы кырдаалга карабай чет өлкөдө иштеп жаткан россиялык дипломаттар кызматын абийири менен өтөп жатканын кошумчалады.
Россия президенти Владимир Путин жана Финляндия башчысы Саули Ниинистё. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Путин Финляндия президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Козголгон маселелер
Жаңылыктар түрмөгү
0