Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

НАТОну ооздуктоо: Змеиный аралынын сырлары

CC BY 4.0 / Фотонак / Змеиный аралы. Архив
Змеиный аралы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Жазылуу
Америкалык жана британиялык кеңешчилеринин тескөөсү менен украиналык күчтөр бир нече сутка бою Змеиный аралын басып алууга алпурушту. Бирок дасыккан россиялык аскерлердин күчү алардын тилегин таш каптырды.
Змеиныйдын ыкчам-стратегиялык маанисин баалоо кыйын. Арал Дунайдын башынан 35 чакырым, эң жакынкы калктуу пункт – Одесса облусунан 48, ал эми Крымдан 180 чакырым аралыкта жайгашкан. Аскерий серепчи Александр Хроленко аталган аралдын тегерегиндеги окуяга баам салган.
Кургактагы бул чакан тилке (болжол менен 600 чарчы метр) Кара деңиздин түндүк-батыш бөлүгүн, ошондой эле суу жана аба жолу аркылуу Румыниядан Украинага жүк (курал) агымына көз салууну камсыздайт.
9-майдын алдында Вашингтон, Брюссель жана Лондон аралды россиялык күчтөрдөн – албетте украиналыктардын колу менен алууга белсеништи. Россиялык күч түзүмдөрүнүн булагы берген маалыматка таянсак, Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы мындай долбоорго каршы чыккан. Бирок президент Владимир Зеленский Змеиныйга десант жеткирүү операциясына өзү буйрук бергени айтылат.
Ортодо россиялык күчтөр Змеиныйды коштоосуз калтыргандай түр көрсөтүп, батыш стратегдеринин пландарына от тамызгандай болду. Дал ошол абалдан пайдалануу амалы Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТОнун десанттык операциясынын кыйрашына башат болду.
7-10-май аралыгында Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү абада жана деңизде Украинанын фронттук үч Су-24 бомбалоочусу, Су-27 истребителин, Ми-24, ошондой эле Ми-8 көп функциялуу үч тик учагын, бортунда десанттар (100дөн ашуун жоокер) "Кентавр" зооттолгон үч катерин жок кылды.
8-майда Одессанын жанында кемеге каршы төрт ракетаны ташый алчу украиналык "Молния" корвети чөктүрүлдү. Змеиныйдын айланасында Россиянын абадан коргонуу каражаттары Украинага таандык 30 учкучсузду, анын ичинен түркиялык өндүрүштөгү тогуз сокку уруучу "Байрактар-ТБ2ни" атып түшүрүштү.
Ошондой эле киевдик режим Одесса облусундагы Арциз конушунан алты Ми-8 жана Ми-24 тик учагынан кол жууду. Орто жолдон Крымдан урулган ракеталык сокку менен Измаилге жакын жердеги – Змеиный аралына карай "Байрактар-ТБ2" учурулчу Червоноглинское аэродрому кыйратылды. Натыйжада Украинанын сакталып калган авиациясы түндүк жакка ташылды.
Украинанын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британ аскерлеринин Украинадагы операцияларды дагы деле жетектей турганы айтылды

Баары пландалгандай

7-10-май аралыгында Змеиный аралынын алдындагы кармаш Россиянын атайын багыттагы күчтөрүнүн тарыхы жана тактикасы боюнча академиялык китептерге сөзсүз кирет. Украина Куралдуу күчтөрүнүн десанттык операциясынын оңунан чыкпай калышы, Кара деңиздин түндүк-батыш бөлүгүндө Россия аскерлеринин ыкчам-стратегиялык позиция (артыкчылыгы) НАТОдогуларды олуттуу ооздуктап койду.
Андан мурун эле Змеиный украиналык гарнизону каршылык көрсөтпөстөн россиялык күчтөргө багынып берди. Украина Куралдуу күчтөрүнүн чоң жоготууларына карабастан аралды басып алууну Киев жана Батыш Украинага Румыниядан курал жана күйүүчү май ташууга деңиз транзитин ачып бере турган жол катары кароодо. Ошол себептен аталган аралда согуштук аракеттер дагы уланат.
Экинчи жагынан Россия түштүк багытта ири күчтөрүн топтоп, жакында Змеиный Николаев жана Одесса үчүн салгылашта маанилүү роль ойнойт. Одессага басым жасаган россиялык күчтөр аракетин бир топ күчөтүп, украиналык күчтөрдүн алдынкы катарына жана ыкчам тылынын баарына сутка сайын сокку урууда.
РФтин атайын аскердик операциясы башталгандан тарта Украина Куралдуу күчтөрүнүн 164 учагы, 125 тик учагы, 807 учкучсуз аппараты, 302 зениттик ракеталык комплекси, 2998 танк жана башка ок өтпөс машинасы, реактивдүү залптык ок тутумунун 360 орнотмосу, 1455 талаа артиллериясынын куралдары жана миномёт, ошондой эле 2808 атайын аскердик автомобилдик техника бирдиги жок кылынды. Ушундан улам Украина армиясынын бардык аскердик техникасы дээрлик таш-талканы чыкты деп боолголосок болчудай. Украина Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиясынын шейит кеткен жоокерлеринин саны миңдеп саналат.
Киевдик режим АКШ жана НАТО берген курал-жарактын эсеби менен гана күн көрүүдө. Ушул себептен АКШ конгресси киевдик режимге $40 млрд. өлчөмүндө кошумча аскердик жардам бөлүп, ал эми Украинадагы жаңы америкалык элчи Брижит Бринк Россиянын атайын операциясын "стратегиялык ийгиликсиздик" катары көрсөтүү үчүн бардык аракет жумшаларын убада кылды.
Ошол эле учурда АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Эврил Хейнс жакынкы мезгилде РФ менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыгарына ынанбай турганын билдирди. Бул реалдуулукка жакын, себеби кол куурчакка айланган киевдик режим эпке келчүдөй эмес, сүйлөшүүнүн маалы өтүп кетти...
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операциясы пландалган калыбынан жазбай уланып, ресурс, убакыт жана географиялык мейкиндикте эч кандай чектөө коюлган жок.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
РФтин Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: Россия — НАТО чатагынан өзөктүк согуш чыгуу тобокелдиги бар
Жаңылыктар түрмөгү
0