https://sputnik.kg/20220511/adam-olturuu-komuu-kylmysh-video-1064310806.html
9 жыл мурда эки кишини өлтүрүп, талаага көөмп койгондор кармалды. Видео
9 жыл мурда эки кишини өлтүрүп, талаага көөмп койгондор кармалды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Адам өлтүрүүгө шектелгендер сегиз жыл мурда суралып, бирок жалган көрсөтмө менен кутулуп кетишкен. 11.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-11T15:59+0600
2022-05-11T15:59+0600
2022-05-11T15:59+0600
кыргызстан
чүй облусу
адам өлтүрүү
шектүү
видео
кылмыш
окуялар
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0b/1064310777_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_2d368333687ef5c3b17119bdbb3b7d00.jpg
Чүй облусунун милиционерлери тогуз жыл мурда эки адам өлтүрүлгөн иштин бетин ачты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, видеосун жарыялады.Белгилүү болгондой, аталган иш ички иштер министринин жеке көзөмөлүндө болчу.2022-жылдын 3-майында милицияга Ак-Кудук айылынын талаасынан адам сөөктөрүнүн калдыктары табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча дагы бир кылмыш иши козголгон."Кунбасов менен Ишеновдун туугандары сөөктүн калдыктары жана кийимдеринин калган бөлүгүнөн аларды таанышкан. 10-майда аталган кылмышка шектелип 37 жаштагы Х.Ш. менен 58 жаштагы Х. Ж. кармалган", — деп айтылат маалыматта.Тергөөнүн алдын ала маалыматтары боюнча, өлтүрүлгөн кишилер менен шектүүлөрдүн биринин уулдарынын ортосунда мушташ чыгып кеткен. ИИМ билдиргендей, шектүүлөр Кунбасов менен Ишеновду таш менен ургулашкан. Андан соң алардын сөөгүн алып барып, талаага көөмп салышкан.Маалым болгондой, шектүүлөр 2014-жылы суралып, бирок жалган көрсөтмө берип коюшкан. Алар чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилгенин айтып, эки адамдын жоголгонуна тиешеси жок экенин билдиришкен.
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0b/1064310777_160:0:1120:720_1920x0_80_0_0_6fe91d2fc7ca2f213c7aab467f0c88fe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чүй облусу, адам өлтүрүү, шектүү, видео, кылмыш, окуялар, видео
кыргызстан, чүй облусу, адам өлтүрүү, шектүү, видео, кылмыш, окуялар, видео
9 жыл мурда эки кишини өлтүрүп, талаага көөмп койгондор кармалды. Видео
Адам өлтүрүүгө шектелгендер сегиз жыл мурда суралып, бирок жалган көрсөтмө менен кутулуп кетишкен.
Чүй облусунун милиционерлери тогуз жыл мурда эки адам өлтүрүлгөн иштин бетин ачты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, видеосун жарыялады.
Белгилүү болгондой, аталган иш ички иштер министринин жеке көзөмөлүндө болчу.
"2013-жылы Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына Н.Кунбасов жана Т.Ишенов аттуу туугандарын издеп жатканын айтып, эки адам кайрылган. Алар ошол жылдын 22-октябрында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ошол учурда адам уурдоо боюнча кылмыш иши козголуп, бирок милиция кызматкерлери аларды таппай койгон", — деп айтылат маалыматта.
2022-жылдын 3-майында милицияга Ак-Кудук айылынын талаасынан адам сөөктөрүнүн калдыктары табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча дагы бир кылмыш иши козголгон.
"Кунбасов менен Ишеновдун туугандары сөөктүн калдыктары жана кийимдеринин калган бөлүгүнөн аларды таанышкан. 10-майда аталган кылмышка шектелип 37 жаштагы Х.Ш. менен 58 жаштагы Х. Ж. кармалган", — деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн алдын ала маалыматтары боюнча, өлтүрүлгөн кишилер менен шектүүлөрдүн биринин уулдарынын ортосунда мушташ чыгып кеткен. ИИМ билдиргендей, шектүүлөр Кунбасов менен Ишеновду таш менен ургулашкан. Андан соң алардын сөөгүн алып барып, талаага көөмп салышкан.
Маалым болгондой, шектүүлөр 2014-жылы суралып, бирок жалган көрсөтмө берип коюшкан. Алар чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилгенин айтып, эки адамдын жоголгонуна тиешеси жок экенин билдиришкен.