Жамалбек Ырсалиевдин ордуна Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев. Архив
Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2022
Жазылуу
Турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматты мурда Жамалбек Ырсалиев ээлеп келген.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Борбор калаанын муниципалитетинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Олег Попиков баш калаанын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп дайындалса, бул кызматты аркалаган Жамалбек Ырсалиев "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын директору болду.
"Өз кезегинде ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду", — деп айтылат билдирүүдө.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалган Жээнбек Кулубаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0