"Өлбөс полктун" Бишкектеги жүрүшү. Видео

Жазылуу
Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү башталды. Ага катышчулар Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында чогулган.
Иш-чаранын катышуучулары Байтик баатыр (Абдрахманов) көчөсү менен ылдый түшүп, "Жеңиш" аянтына чейин жөө барышат. Жүрүшкө чыккандар колдоруна согушка катышкан, тылда эмгектенген ата-апаларынын портреттерин көтөрүп алышкан.
Эске салсак, акыркы эки жылдан бери "Өлбөс полк" жүрүшү Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдан улам онлайн-форматта уюштурулуп келген. Быйыл Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата кадимки тартипте өтүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0