Акция Бессмертный полк 2022 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

"Өлбөс полк" Кыргызстандын шаарларында кандай өттү. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргызстанда да эл аралык "Өлбөс полк" акциясы болот.
Бул иш-чара Бишкек шаарынан тышкары Ош, Жалал-Абад, Кемин, Каракол, Кара-Балта жана башка аймактарда өтүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына тиешеси жок белги, желектерди колдонбоого чакырды.
Кыргызстандыктар колдоруна согушка катышкан аталардын, тылда эмгектенген апалардын сүрөттөрүн көтөрүп басышмакчы.
Онлайн-репортажда жүрүш кандай болуп жатканын окуп, ал жактагы сүрөт, видеолорду көрө аласыздар.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
11:41 09.05.2022
Жакынкы саатта Бишкектин чок ортосунда масштабдуу "Жеңиш вальсы" акциясы жана майрамдык концерт болот.
11:40 09.05.2022
Ошентип, Бишкектеги 20 миңдей адам катышкан "Өлбөс полк" жүрүшү 2,5 сааттан ашык созулуп, чоң салтанат менен соңуна чыкты.
11:38 09.05.2022
11:16 09.05.2022
Алар өчпөс отко таазим кылып, сүрөткө түшүп, бири-бирин куттуктап жатышат.
11:15 09.05.2022
"Өлбөс полкчулар" "Жеңиш аянтына" келишти!
10:59 09.05.2022
Алар театрдын алдына коюлуп жаткна жерге келишти. Бул ушул мүнөттөрдө башкача шаң, башкача маанай, салтанат өкүм сүрдү.
10:55 09.05.2022
"Өлбөс полкчулар" транспоранттар, сүрөттөр, плакаттар менен Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына келип калышты. Согуш темасындагы ырлар жаңырууда. Аны жүрүштөгүлөр кошо ырдап бара жатышат.
10:39 09.05.2022
10:36 09.05.2022
Акция Бессмертный полк 2022 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10:36 09.05.2022
Акция Бессмертный полк 2022 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10:28 09.05.2022
Алардын ири алдында согуштун катышуучуларынын сүрөтүн көтөргөн кичинекейлер басып бара жатат.
10:27 09.05.2022
Ал арада "Өлбөс полктун" катышуучулары Бишкектин борборуна, митинг реквием өтүп жаткан аймакка жакындап калды. Эртең мененкиге караганда саны алда канча көбөйдү.
Акция Бессмертный полк 2022 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10:26 09.05.2022
10:25 09.05.2022
10:24 09.05.2022
Садыр Жапаров:

Кыргызстандык жоокерлердин даңазалуу эрдиктери жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сакталат.
Улуу Ата мекендик согушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышып, алардын 150 миңден ашууну көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ошондой эле 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери, ал эми 77 мекендешибиз Советтер Союзунун Баатыры атагын күтүп, эң жогорку даражадагы сыйлыктарга арзыган.

10:23 09.05.2022
Садыр Жапаров:

Улуу Жеңишке жетүүдө биздин аталарыбыздын, апаларыбыздын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп, сыймыктануу менен айта алабыз. Алардын өлбөс-өчпөс эрдиктери атуулдук ар-намыстын эң жогорку үлгүсү катары эч качан эстен чыкпайт.

10:22 09.05.2022
Президент Жапаров ардагерлер менен жолугуп, аларды жакындан куттуктап, сүйлөшүп жатат.
10:21 09.05.2022
Президент Садыр Жапаров:

Сиздерди бүгүнкү Жеңиш майрамыңыздар менен чын ниетимден куттуктайм!
Бул күндө биз жыл сайын келечек муундун бейпил жашоосу үчүн Улуу Ата мекендик согуштагы кан майданда ажалга тике карап салгылашкан жана оорукта “бардыгы фронт үчүн!” деген ураан астында тыным албай эмгектенген аталарыбыздын, апаларыбыздын эстен кеткис эрдиги менен каармандыгын эскерип келебиз.
Биз, кийинки муун – кайсы убакта, кайсы жерде болбосун, кан майданда курман болгондорду эскерип, ардагерлерибиздин алдында башыбызды ийип, ооруктун эмгекчилерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бейпил турмуш, эркин жашоо, жаркын келечек үчүн кан төккөн ата-бабаларыбызга ар убак милдеттүү экендигибизди унутууга акыбыз жок!

10:17 09.05.2022
Жапаровдун сөзүнөн кийин "Жеңиш" аянтында аскердик жүрүш башталды.
10:14 09.05.2022
Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышкан. 100 миңден ашуун жердештерибиз курман болуп, көптөрүнүн дайыны чыкпай калган...
Жаңылыктар түрмөгү
0