Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоого кадам таштады

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРКыргызстан менен Өзбекстан желектери. Архивдик сүрөт
Кыргызстан менен Өзбекстан желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2022
Жазылуу
Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Ал эми кийинки жолугушууну Өзбекстанда өткөрүү пландалууда.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуулар өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 5-7-май күндөрү Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору кезиккен.
"Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", — деп жазылат маалыматта.
Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлган. Ал эми кийинки жолугушууну Өзбекстанда өткөрүү пландалууда.
Ооруканадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Чек арадагы үч адамдын өлүмү: Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары сүйлөштү
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2022
Ташиев чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жыйын өткөрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0