Чек арада өзбек аскерлери ок чыгарып, Кыргызстандын үч жараны каза болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКурал менен аскер. Архив
Курал менен аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Жазылуу
Ок тийген кыргызстандыктар эсине келе албай ооруканадан көз жумган.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасында коңшу өлкөнүн аскерлери ок чыгарып, Кыргызстандын үч жараны каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары кыргыз жарандарына карата курал колдонушкан.

"Атылган октон 48 жаштагы А.К., 24 жаштагы А.Ж. жана 22 жаштагы А.Ж. жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилген. Бирок алган жараатынан эсине келбей каза болуп калышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү дароо Өзбекстандын Янги-Кургандагы чек ара өкүлү менен жолугушкан.
Анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну 6-майда улантууну макулдашканы белгиленди.
Чек ара кызматы билдиргендей, окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.
Жерде жаткан октор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылып, эки киши каза тапты. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0