Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Крымда Украина тарап койгон транспорттук блокада алынганы айтылды

© Sputnik / Рамиль СитдиковКрымдын түштүк жээгиндеги курорт Ялта
Крымдын түштүк жээгиндеги курорт Ялта - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2022
Жазылуу
Крым менен Херсон облусун бириктирген темир жол байланышы да кайра калыбына келтирилип жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Крымда Украина тараптын транспорт үчүн койгон блокадасы алынып, учурда жүргүнчү жана жүк ташуу каттамы кайра калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу РИА Новостиге Крымдын башчысынын маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси Олег Крючков билдирген.
"Сегиз жыл мурда украиналык улутчулдар киргизген транспорттук блокада күчүн жоготту. Бүгүн жүк жана жүргүнчү ташыган каттамды кайра жандантуу процесси башталды", — деген Крючков.
Анын айтымында, Крым менен Херсон облусун бириктирген темир жол байланышы да кайра калыбына келтирилүүдө. Крючков бошотулган аймактарда шаардык жана шаарлардын ортосунда каттаган коомдук транспорт толук иштей баштаганын кошумчалаган.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Донбасстан Россияга келген качкандар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияга Донбасс менен Украинадан 1,1 миллиондон ашуун качкын келген
Жаңылыктар түрмөгү
0