00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жогорку окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге жеткиликтүү билим берүү
11:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Рекорд! РКӨФ быйыл өлкө экономикасына 225 миллион доллар инвестиция салды
13:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
с Таалайбеком Ороскуловым
14:05
60 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Поддержка молодёжных инициатив – о конкурсах для молодых творческих школьников и студентов от АНО «Евразия»
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп
17:04
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Выход из тени и послабления для бизнеса — как 2025 год прошел для предпринимателей КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алижанов: үч айда өлкөдө 2 673 үй-бүлөлүк зомбулук катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Таалайбек Алижанов
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Таалайбек Алижанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Жазылуу
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Таалайбек Алижанов үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин координациялоо бөлүмү түзүлгөнүн айтты.
Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматы зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн үй комитети, айыл башчы, жергиликтүү башкаруу органдары, министрликтер болуп жалпы 17 субъект менен иш алып барууда. Бул тууралуу Таалайбек Алижанов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Алижанов: үч айда өлкөдө 2 673 үй-бүлөлүк зомбулук катталды
Анын айтымында, жер-жерлерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча милициянын көчмө кабылдамалары иштеп жатат.
"2022-жылдын үч айында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча маалыматтарды электрондук каттоо журналына 2 673 учур катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 121ге аз. Себеби былтыр президент ИИМге төрт талап койгон. Алардын бири алдын алуу иштерин күчөтүү болчу. 2021-жылы ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын курамында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн координациялоо бөлүмү түзүлгөн. Учурда жер-жерлерде 57 унаа көчмө кабылдама катары иштеп жатат. Ошондой эле дагы бир талап боюнча 2021-жылдын 1-декабрынан баштап Укук бузуулар кодексине 70 жана 71, 72-жаңы беренелери кирген. Ага ылайык, зомбулук жасаган адамга айып пул салуу алып салынды. Себеби зомбулук көрсөткөн адамдар көп учурда жумушсуз болгондуктан үй-бүлөлүк бюджетке гана күч келип калат экен. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган адамдарга 2 222 (77си эркек киши, 59 бала, калганы аялдар) коргоо ордерлери берилди. Эгер зомбулук фактысы катталганы аныкталган болсо, ИИМ үч күнгө коргоо ордерин берет. Ал эми жабырлануучу арыз менен кайрылса, ал 30 күнгө узартылат. Үч айдын ичинде 124 кишиге коргоо ордерин узарттык. Укук бузуулар кодексинин 70-беренесинин негизинде 851 протокол түзүлүп сот органдарына жөнөтүлдү. Үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган жарандарга карата коомдук иштерге тартуу жана камоо жазасы каралган. Зомбулук боюнча 117 сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат", — деди Алижанов.
Ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталса милициянын 102 номерине чалуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0