Садыр Жапаров: чек ара көйгөйүн сүйлөшүү жолу менен гана чечүү керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Жазылуу
Президент чек ара маселесине чекит коюуда кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын жогору коюп, кошуна мамлекеттин дагы кызыкчылыгын урматтоо менен иш алып бара турганын белгилеген.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Азыркы учурда кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу чек ара тилкелери боюнча бир пикирге келүү максатында эки тараптуу мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Аз да болсо жылыш бар. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча кайрылуусунда айткан.
"Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дале болсо көйгөй бойдон калууда. Аны чечүү кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылат. Чек ара көйгөйүн кошуна мамлекет менен тынчтык, сүйлөшүү жолу менен гана жөнгө салуу зарыл экендигин дүйнөдө болуп жаткан окуялар тастыктап койду. Кошуна мамлекеттин жетекчиси да жакында Согд облусуна болгон иш сапарында чек ара маселелерин кыргыз тарап менен сүйлөшүү жолу менен чечүүгө кызыкдар экендигин белгилеп кетти. Азыркы учурда талаштуу чек ара тилкелери боюнча бир пикирге келүү максатында эки тараптуу мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Жылыш жок эмес, аз да болсо жылыш бар", — деген мамлекет башчы.
Ал чек ара маселесине чекит коюуда кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын жогору коюп, кошуна мамлекеттин дагы кызыкчылыгын урматтоо менен иш алып бара турганын белгилеп кеткен. Президент буга саясий эрки жетерин кошумчалаган.
"Чагымчылыкка алдырбай, чек арада терс көрүнүштөрдүн болуп кетишине жол бербей, сабырдуулук менен улуттук коопсуздукту бекем камсыздап алалы. Жараткандан өткөн жылдагыдай каргашалуу окуялардын кайталанбоосун, элибиз, журтубуз аман-эсен, эгемендүү өлкөбүздүн бүтүн болушун тилек кылалы!" — деген Жапаров.
Белгилей кетсек, туура бир жыл мурда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу башталып, чыр-чатактан Максат айылынын тургундарынын үйлөрү, унаалары талкаланып, өрттөлүп, тонолгон. Анда кыргызстандык 36 адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жаракат алган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан жабыркаган жайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Президент чек ара чырынан соң Баткенге кандай колдоо көрсөтүлүп жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0