Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Дүйнө эч качан мындай коркунучка кабылган эмес". Трамп эмнеден чочулоодо?

© REUTERS / Tom BrennerАКШнын экс-президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын экс-президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2022
Жазылуу
Heritage Foundation ("Мурас" фондунун) жыйынында АКШнын экс-президенти мекендештерине "өлкөнүн тарыхындагы эң кооптуу убакта" жашап жатышканын айтты.
Дональд Трамптын чындап чочулаганы эмне?
Виктория Никифорованын Кошмо Штаттардын мурунку лидеринин мындай кебин талдаган макаласын РИА Новости сайтына жарыялаган.
Атайын операциянын жаңы баскычы Украина маселесине чекит коюу боюнча Россиянын чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Украинага Батыштын куралдары менен жабдылышы да жардамчы болгон жок. Батыштын атайын багыттагы күчтөрү да ишти куткара алган жок, тескерисинче, жапырт каза таап, качып же туткунга түшүүдө. Айтор, Россия жеңишке карай багыт алууда. Эмне кылуу абзел? Американын саясий чөйрөсүндөгү чанда кыраакы кишилер америкалыктар бул иштерди таштап, өз көйгөйлөрүн чечүү менен алектенгени оң экенин айтышууда. Америкалыктар Улуу депрессия убагынан бери кайталана элек ыргакта каржылык көйгөйлөрүнө тушугуп барат.
Кошмо Штаттар Украинадан россиялык күчтөрдүн толук чегиниши, Крым менен Донбассты өткөрүп беришин талап кылат. Ансыз сүйлөшүү жөнүндө эч кандай кеп жок. Эгер Россия атайын операциясын акырына чейин ийгиликтүү жүргүзсө, ал Вашингтондун биротоло жеңилиши болот. Афганистандан качкан соң америкалык аскердик күч туурасындагы кыялдар аздыр-көптүр сакталган чыгар. Штаттар Украинаны да таштап кетсе, анда иштин бүткөнү. Трамп айткан коркунуч ушулбу? Мында жаңылык деле жок го?..
Бүгүнкү күндө кырдаалды ырбатуунун эки сценарийи бар. Биринчисине ылайык, Вашингтон Украинага аскерлерди баары бир жөнөтөт. Буга жогорку кызматтагы саясатчылар көп үндөп келишет.
Экинчи сценарий боюнча америкалык атайын кызматтагылар Украинадагы кол алдындагылар аркылуу ал жакта тозоктуу чагым уюштурууну самап, андан соң америкалык маалымат каражаттары баарын Россияга шылтамакчы. Иш-чаралардын мындай планын жакында Foreign Affairs журналы жазып чыкты. "Ойго келгис нерсеге камылга" деп аталыптыр.
Алардын чагымына химиялык, биологиялык же өзөктүк курал кошулушу мүмкүн. Ошол эле учурда Украина территориясындагы биологиялык куралдардын баары америкалык өндүрүштөгү болуп саналары жашыруун эмес. Ал жактагы лабораторияларды куруу жана кооптуу патогендерди эксперимент жүргүзүүгө салым салгандар азыркы америкалык президент Байдендин жакын чөйрөсүнөн. Негизги демөөрчүлөрдүн арасында анын уулу Хантер да болгон.
АКШнын желеги тартылган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Дүйнөнү кайраштырган АКШ суудан кургак чыга алабы? Геосаясий абал
Химиялык курал менен деле ошол. Россияда андай нерсе азыр жок. Химиялык куралга тыюу салуу жана жок кылуу конвенциясына ылайык, ал толугу менен жок кылынган.
Конвенцияга кол койгон өлкөлөрдүн ичинен АКШ гана мындай өлүмгө кептөөчү тонналаган химияны алигүнчө сактап келет. Аны жок кылууга улам түшүнүксүз себептери чыгып, ал эми коронавирус пандемиясы бул ишти таптакыр эле токтотуп койду. Өзөктүк куралдын сызылып агышы киевдик режимдин көзөмөлүндөгү атомдук станцияларда гана болушу ыктымал. Башкача айтканда, америкалыктар кандай гана чагым уюштурушпасын, алардын кырдаалды ырбатышынын кайсы этабында Россия чечим кабыл алуу борборлоруна сокку урууга аргасыз болорун айтпаганда да дүйнө жүзүнө алардын өз кылмыштары экени айдан ачык.
"Россия коркунучтуу өзөктүк арсеналга ээ болушу мүмкүн, бирок Москва аны колдонуу ыктымалдыгы дайым кенедей эле болуп келген", — деп жооткотот мекендештерин белгилүү эксперт жана АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланддын жолдошу Роберт Каган.
Дональд Трампты адамдардын дал ушундай тиби – Каган өңдүүлөр чочулатат. Экс-президент алардын өлкөнү кайда түртүп жатканын даана көрүп, Россия менен тиреш канчалык кооптуу экенин америкалыктарга эскертүүгө далбас урууда.
Ошондой эле Трамп өзү жетектеп турганда Россия атайын операцияларды жүргүзбөгөнүн америкалык коомчулукка кылдат эскертип өттү. "Карап көргүлө, — деди ал, — Буштун тушунда Россия Грузияны ээлеген (мында анын дегени – Абхазия менен Түштүк Осетиянын куткарылышы). Обаманын убагында – Крым. Менин кезимде — эч нерсени...".
Айтканында калет жок. Анткени Трамп Украина менен мамилеге таптакыр тыныгуу коюп койгон. Курал менен жабдуу жөнүндө сөздөр да жай жүргөн. Донбасстын айланасына аскерлер жыйналган эмес. Чагым жасалбаган учурда Москва Минск келишимдеринин аткарыларына үмүттөнгөн. Атайын операциянын зарылдыгы да чыккан эмес. Бир жыл ичинде эле байдендик режим ансыз да морт тең салмактуулукту бузду. Натыйжада дүйнө глобалдык согуштун кырына жетип, ал эми Роберт Каган өңдүүлөр оюндан от чыгарат болуп, ого бетер түпкүргө түртүүдө.
Трамптын ушундай эле пикирине үндөш белгилүү консервативдик публицист Пат Бьюкенендин макаласы жарык көрдү. Анын жаңы бурчу: "Биздин негизги максат —Россия менен согуштан качуу болушу шарт" деп аталат. Америкалыктарды өзүн-өзү коргоого чакыруу менен ал АКШ лидерлери кезегинде СССР менен жаңжалдан буйтаганын элдин эсине салган. "Айк" Эйзенхауэр антисоветтик сөздөр маалында венгерлерди колдоодон оолак болуп, Жон Кеннеди Берлин дубалын курууга макулдугун берип, ал эми Линдон Жонсон Прага жазы окуяларында чехтерге көмөк жөнөтпөгөнүн атап өткөн.
Согуштук пропаганда жаңырып турганда мындай кыраакы үндөргө кулак салынбай калары өкүнүчтүү. Азыркыдай кырдаалда агрессияга алдыргандарды "Сармат" континенттер аралык баллистикалык ракетасынын сыналышы өңдүү окуялар гана алардын демин басат өңдүү. Америкалык эч бир каражат анын аскердик мүнөздөмөлөрүнө караандабайт. РФтин мындай илимий-техникалык шедевринин мизи кайтарылгыс. Ошондуктан маалымат айдыңын болор-болбос кыялдардан бошотуп, болочокту болжой билген адамдардын ойлоруна орун берген оң болор.
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Ачка адамдар кооптуу... Америка өз келечеги үчүн түйшөлүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0