Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Дүйнөнү кайраштырган АКШ суудан кургак чыга алабы? Геосаясий абал

© AP Photo / David GoldmanАКШнын желеги тартылган унаа. Архив
АКШнын желеги тартылган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Жазылуу
Заманбап глобалдык күрөш бардык деңгээлге: каржы транзакциясынан танк бригадаларына, логистикадан поэзияга, балеттен космоско чейин жайылып барат. Бул – материалдык гана эмес, руханий тиреш.
Азыркы геосаясий абалды ушундай мүнөздөгөн серепчи Виктория Никифорованын ой толгоосу РИА Новости сайтына чыккан.
Санкциялар биринин артынан бири жарыяланып, баары менен бирге "искусствону да жокко чыгаргылары" бар. Орус маданиятын четтетүү менен Россияга кастарын тиккендер келечектин камын көргөндөй.
Улуу жана көркөм деңгээлден көңүлдү экономикага буралы. АКШ каржы министри Жанет Йеллен "эки тоону эңсеп", Батыш менен да, Россия менен соода алакаларын сактап калууга умтулган өлкөлөргө, эң оболу Индия жана Кытайга насаат окуду...
Ушул аптада Эл аралык валюталык фонду жана Дүйнөлүк банктын камкордугундагы өлкөлөрүнүн каржы министрлери чогулат. Албетте, жыйын Вашингтондо өтмөкчү. Йеллен айымдын насааты бул эки таасирдүү эл аралык институтту да америкалыктар каалагандай калчай аларынан кабар берет. Анын дүйнөнүн эң ири экономикаларына койгон талаптары саясий өңүттө. Кошмо Штаттардын оюнда Кытай, Индия, Африка жана Түштүк Америка дароо америкалык антироссиялык санкцияларга кошулууга тийиш.
Йеллен айым Украинадагы жаңжалды токтотуусу үчүн Россияга кысым кылууну Кытайдан ачык эле талап кылууда. Ал эми Пекин каршылык көрсөтсө, америкалык өнөктөштөрү ага жайнаган санкция салары бышык.
Ансыз да көйгөйү жык АКШнын каржы министри өз экономикасындагы маселелерди чечүү менен алектенгени оң болмок. Жакында эле өлкөдө жарым кылымдан бери боло элек инфляциянын эң жогорку көрсөткүчү катталды. Доллар да эч качан азыркыдай туруксуз боло элек болчу. Учурдагы көрүнүштөр америкалыктардын үрөйүн учурууда.
30 триллион карызы бар, дүкөн текчелери ээн калып, улам кымбаттап жаткан бензин менен нандын баасынан айласы куруп турган өлкөнүн каржы министри дүйнө экономикаларынын эң биринчи сабындагы Кытайга насаат окуп турганын кантип түшүнүүгө болот?! Анан калса, АКШ — планетанын эң көп карыз алган мамлекети, ал эми анын негизги насыякору — дал ушул Кытай Эл Республикасы.
Берлиндеги Бранденбург дарбазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияны жеңүү үчүн Германия өз экономикасын тобокелге салууда
Кытайда АКШнын карыз милдеттенмелери триллион доллардан ашат. Бирок ушундай жагдайда да Вашингтон Пекинден бул нерсени талап кылганы кызык. Штаттардын кырдаалга таасир этүүгө эч кандай экономикалык рычагы жок. Америкалыктар эмитен эле чектелген кытайлык импорттун азабын тартууда. Дагы чектешеби? Анда адамдар көчөгө көтөрүлөт. Кытайга карызын тоңдурабы? Триллион доллар чоң сумма, бирок Кытайдын кылын кыйшайта албасы анык. Анан да доллардын рекорддук инфляциясы аны көз алдыбызда нарксыздандырууда. Бул триллион былтыркыга караганда 8,5 пайызга аз.
Муну түшүнгөн америкалык каймактар Тайванды куралдандырып, ачык эле аны КЭРге каршы шыкактай турганына ишарат кылууда. Кудум Украинаны Россияга каршы козуткандай. Анан кезектеги "тозоктуу санкцияларды" киргизишет. Дүйнөлүк экономиканы талкалоо менен глобалдык каатчылык ичинде тирденип кетүүнү көздөйт.
Карыздардын насыякорго каршы согушу... Жамааттык Батыш менен дүйнөнүн калган бөлүгү азыркы глобалдык тирешти экономисттер ушундай сыпаттайт. Бул – баягы эле неоколониализм. Эсиңиздерде болсо батыш өлкөлөрү дүйнөнүн калган бөлүгүн "глобалдык жылуулук" шылтоосу менен тоноого аябай аракет кылышкан. Кийин пандемияны да киреше булагына айлантып, вакциналардан пайда табууга аракет кылышты.
Өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдү тоноо үчүн бул сапар анын шылтоосу Украинадагы Россиянын атайын операциясы болду. "Даңазалуу" санкциялардын максаты жана маңызы – ондогон өлкөлөрдүн экономикасын чабалдатып, алардын өнүгүшүнө бөгөт коюу. Ошондуктан дүйнө мамлекеттери бүгүнкү күндө сансыз санкцияга кабылган Россия кантип тирденип жатканына кызыгып көз салышканы тегин жерден эмес. Улуттук валюта кеңири пайдаланылып, бизнес жана калк колдоого алынып, эсептик чен кескин жогорулатылып, резидент эместерге акция айлантууга тыюу салынган. Бөлөк өкмөттөр үчүн – Россиянын мисалы эч нерсеге карабай тирденип кетүүнүн нагыз сабагы.
Бүгүнкү күндө баары Россия болуп көрбөгөндөй бул кысымга кандай туруштук берерине жараша. Эгер баарын көтөрүп кете алса, Кошмо штаттар өз желдеттери менен дүйнөгө ыргыткан аскердик-экономикалык кайырмагынан кутулган лидерге айланат. Ошол маалда россиялык "Щелкунчик", Толстой менен Достоевский, Прокофьев менен Рахманиновдордун пайдасы тиет. Анткени "адамдын төгөрөгү төп келиши абзел...".
Батыш ушуну түшүнгөндүктөн россиялык маданиятты жаалдануу менен жок кылууга далбас урат. Алар коркунучту туюшат. Азыркы глобалдык күрөш бардык деңгээлге: каржы транзакциясынан танк бригадаларына, логистикадан поэзияга, балеттен космоско чейин жайылып барат. Бул – материалдык гана эмес, руханий тиреш. Ошол себептен келечек үчүн Россия бул күрөштө утууга тийиш.
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Ачка адамдар кооптуу... Америка өз келечеги үчүн түйшөлүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0