Симоньян ага карата пландалган кол салуу боюнча комментарий берди

© Фото / RT / Медиабанкка өтүүRT жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян. Архив
RT жана Россия сегодня эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жазылуу
Неонацисттик топтун россиялык бир катар журналисттерди өлтүрүүнү пландаганы ачыкка чыкты.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. RT жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян РИА Новостиге чындык үчүн өлүү айыккыс оорудан көз жумганга караганда коркунучтуу эмес экендигин айткан.
Ал Москвада ВГТРК журналисттери Владимир Соловьев, Ольга Скабеева, Евгения Попованы, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Дмитрий Киселев жана өзүн өлтүрүү боюнча маалыматка комментарий берди.

"Бардык адамдар эле өлөт, бирок бурчта унчукпай отуруп албай чындыкты айтып, өз Мекениңди коргоп, өзүң каалаганыңдай жана мүмкүнчүлүк жеткениндей жасагандык айласыз карылыктан же дабасы табылбаган оорудан көз жумганга караганда коркунучтуу эмес. Буга мен христиандарча жана философиялык көз караш менен мамиле жасайм", — деген Симоньян.

Дүйшөмбү күнү ФСБ Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган неонацисттик террордук National Socialism/White Power уюмунун мүчөлөрү — Россия жарандары Украинанын коопсуздук кыймылынын тапшырмасы менен ВГТРК журналисти Владимир Соловьевду өлтүрүүнү пландагандыгын маалымдаган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү сурак учурунда өлтүрүү планын жана андан соң чет өлкөгө чыгып кетүү боюнча сүйлөшүлгөндүгүн айтып беришкен.
Тинтүү учурунда алардан колго жасалган жарылуучу алты түзүлүш, 8 "Молотов коктейли", алты тапанча, колго кесилген аңчылык мылтыгы, РГД-5 гранатасы, бир миңден ашуун патрон, баңгизаттар, Украинанын жасалма паспорту, улутчулдук боюнча адабияттар жана атрибутика алынган.
ФСБ берген ыкчам видеодон Москвада кармалган неонацисттер жогоруда айтылган адамдардан сырткары аскер комиссариаттарды жана РФтин Украинадагы атайын операциясынын символикасы тагылган автоунааларды өрттөөнү ойлонуштурушкан. Соловьевду өлтүрүү боюнча Киевдин планын Киселев Украинанын маалыматтык ишинин жалганчылык менен иштеген бирден-бир ыкмасы деп атап, бул өлкөдө журналисттердин артынан түшүп алуу коом да, мамлекет да кой деп, талкууга албаган эскичилик болуп калганын айткан. Ал журналисттерге ыдык көрсөтүлгөн учурларды Олесь Бузина өлтүрүлүп, жазасыз калган окуя менен эске салган.
Россиялык журналист Владимир Соловьев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Соловьевдун автоунаасын жардырмак болушкан. Кармалгандар планы боюнча айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0