Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жазылуу
26-апрелде өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаайт.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Шейшембиде абанын температурасы төмөндөп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +17…+22, Талас жеринде +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +19…+21, Ош шаарында +24…+26 градус болот.
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Садыр Жапаров: Казакстанга суу беребиз, өзүбүзгө да жетет
Жаңылыктар түрмөгү
0