Камчыбек Ташиев сурактан чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жазылуу
Ал 25-апрель күнү эртең менен Башкы прокуратурага суракка чакырылган.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада сурак берип чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берди.
"Мени 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу чакырышыптыр. Билгендеримди айттым. Буга чейин мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын отчетторунда июнь коогалаңына негизги күнөө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүндө экени айтылган. Алар түштүктө өз таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү сепаратисттерди колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангысы келип, мындан улам улуттар аралык кагылышуу болгон. Натыйжада 500гө жакын адам өлүп, миңдеген адам жаракат алган. Мамлекетке чоң зыян келтирилген", — деди Ташиев.
Ошондой эле УКМК төрагасы Кадыржан Батыровдун качып кетиши боюнча көп нерседен күмөн санай турганын кошумчалады.
Ал 25-апрель күнү эртең менен Башкы прокуратурага суракка чакырылган.
Белгилей кетсек, былтыр президент Садыр Жапаров июнь окуялары боюнча материалдарды изилдеп чыгууну УКМКга тапшырган болчу.
2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына быйыл 12 жыл болот. Расмий маалыматтар боюнча, бул каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жаракат алган.
57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.
Ташиев 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынын лидери болуп турган.
Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Министр Иманов: паспорт мафиясы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда
Жаңылыктар түрмөгү
0