Кыргызстанда жолтандабастардын баасы кандай өзгөрдү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автоунаалардын базардагы наркы менен кабардар кылат. Бул ирет биз популярдуу жолтандабастар менен кроссоверлердин баасы 2022-жылдын мартынан апрелге чейин кандай өзгөргөнүн анализдедик.
Эң көп сатылган автоунааларга төмөнкүлөр кирди:
Lexus GX 470;
Honda CR-V;
Toyota RAV4;
Lexus RX 350;
Subaru Forester;
Volkswagen Touareg;
Toyota Landcruiser;
Kia Sportage;
Hyundai Santa Fe.
Инфографикада чыгарылган жылы боюнча эң көп кездешкен машиналар көрсөтүлдү. Мында сатуучулар айткан орточо баа келтирилди.
Алгач талдоо март айынын ортосунда доллар 102 сом кезинде жүргүзүлгөн. Соңкусу 22-апрелде болду, анда АКШ акчасынын курсу 85ке түшкөн.
Lexus GX 470, Kia Sportage, Toyota Landcruiser, Honda CR-V, Toyota RAV4 автоунаалары 500-1000 долларга кымбаттады. Lexus RX 350, Hyundai Santa Fe жана Subaru Forester машиналарынын баасы орто эсеп менен 200-800 долларга арзандады.
Жаңылыктар түрмөгү
0