Казакстандын өкмөт башчысы Бишкекке иш сапары менен келет

© Пресс-служба премьер-министра КазахстанаКазакстандын премьер-министри Алихан Смаилов. Архив
Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
Жазылуу
Коңшу мамлекеттин премьер-министри өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жума күнү, 29-апрелде, Бишкекке кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жолуккан.
Алар Смаиловдун өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн болчу иш сапарына, ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаевдин өлкөгө жасачу расмий сапарына карата даярдык көрүүнү талкуулады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү пунктунда жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
Кожошев Казакстандын вице-премьери менен "Ак-Тилек" бекетинде жолукту. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0