Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте жаан учурнда адамдар. Архив
Бишкекте жаан учурнда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
Жазылуу
Өлкөнүн көп аймактарында аптанын ортосуна чейин жамгыр жаайт.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында дүйшөмбүдө жана шейшембиге караган түнү мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Шаршембиден ишембиге чейин күн ачык болот.

Чүй облусу

25-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. 26-апрелде жаан-чачын токтойт, бирок 27-апрелде кайра күндүн көзү бузулуп, көпчүлүк жерлерде жамгыр жаайт. Андан кийин апта аягына чейин күн ачык турат.

Талас облусу

25-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, 26-апрелде басылат. Ал эми 27-апрелде дагы жаан жаайт. 28-апрелде күн ачылып, 30-апрелге чейин күндүн көзү бузулбайт.

Ош облусу

25-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. 26-апрелде күндүз жаан-чачын болбойт, 27-апрелде күндүз жамгыр жаайт. Эртеси күндүз тоолуу райондорго кар түшөт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. 29-30-апрелде күн ачылат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын этношаарчасында улуттук кийимчен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Кыргызча катасыз жаза аласызбы? Тест

Жалал-Абад облусу

25-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, 26-апрелде басылат. Бирок эртеси, 27-апрелде, кайра жаайт. 28-29-апрелде күндүн көзү ачылат. 30-апрелде тоолорго кар жаайт, ошол эле учурда дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

Баткен облусу

25-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, эртеси токтойт. 27-апрелде көпчүлүк райондордо жаан жаайт. 28-апрелде тоолорго кар түшөт, бирок дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. 29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. 30-апрелде кээ бир райондордо жаан жаайт.

Ысык-Көл облусу

25-27-апрель күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. 28-апрелде күндүз кээ бир райондордо гана жаайт. 29-30-апрелде күн ачык болот.

Нарын облусу

25инен 28-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. 29-30-апрель күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызстандык MEGAKIDZ бий тобу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Кыргызстандык кыздар Central Asia's Got Talent шоусунун гранд-финалына өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0