Мизи кайтарылгыс табылга. Россиянын "Сарматы" айрымдарды санаага салчудай

© Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүү "Сармат" баллистикалык ракетасынын сыноо
 Сармат баллистикалык ракетасынын сыноо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Жазылуу
РФтин континенттер аралык "Сармат" баллистикалык ракетасынын мамлекеттик сыноолорунун ийгиликтүү башталышы жогорку технологиялык куралдар жаатында Россиянын дүйнөлүк лидерлигин тастыктайт.
20-апрелде Плесецк космодромунан соңку үлгүдөгү "Сармат" оор баллистикалык ракетасы учурулуп, старттык чекитинен 5700 чакырымдык аралыктагы камчаткалык Кура полигонуна окуу блокторун жеткирди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул саамалык тууралуу жана "Сарматтын" мүнөздөмөлөрүнө токтолгон.
Учуштун бардык баскычында эсептик мүнөздөмөлөрү тастыкталган. Акыркы үлгүдөгү мамлекеттик сыноолору күзгө чейин аяктап, андан соң сериялап чыгарылып, алар менен стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөр жабдылмакчы.
РФтин Континенттер аралык "Сармат" баллистикалык ракетасынын (шахталык модификациядагы) алгачкы полку быйыл жыл аягында Красноярск ракеталык бирикмесинде аскердик нөөмөткө кирүүгө даярдалат.
18000 чакырымдык аралыкты багындыра алчу дүйнөдөгү эң күчтүү "Сармат" Россияда даңазалуу "Воевода" (НАТОлук классификациясы – Satana) континенттер аралык баллистикалык ракетасынын ордун басат. Түндүк же Түштүк уюл аркылуу да бутасына жете алат.
Пайдалуу жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннаны түзүп, бул – ар бири тротилдик эквивалентте 800 килотонналык кубаттуулуктагы өзү мээлөөчү он аскердик блоктон турат. Бир эле ракета душмандын 700 миң чарчы чакырымдык аянттагы (бул бир Техас штаты, бир жарым Франция же үч Улуу Британиянын территориясына барабар) күчүн жана аскердик техникасын таамай жок кылууга жетиштүү.
Континенттер аралык баллистикалык ракетанын блокторунун тиби, анын ичинде пландоочу гиперүндүүлөрдүн саны боюнча аскердик жабдуусунун диапазону кыйла кеңейтилген. "Сармат" дүйнөдөгү азыркы жана келечекте да чыгарыла турган абадан коргонуу тутумдарынын бардык түрүн жеңип, планетанын каалаган бурчунан бутасын таамай жок кылууга жөндөмдүү. Бул жагынан РФтин стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн кубаттуулугун бир топ арттырат.
"Сармат" – Россиянын карматпас, мизи кайтарылгыс, жогорку, материалдашкан мүнөзү, "өнөктөштөрү" жеңе алгыс технологиялык бийиктик. Континенттер аралык жаңы ракетанын ийгиликтүү сыналышынын аскердик-саясий мааниси абдан чоң. Россия президенти Владимир Путин дүйнөдө дагы бир далай жыл "Сарматтын" аналогу болбостугун, "ашынган агрессивдүү риторикасы кызып тургандарды" ойлонууга аргасыз кыларын белгиледи.
Американын "артыкчылыгы" жөнүндөгү уламышка, Россияны ааламга желмогуз көрсөтүүгө багытталган аракеттер жана жалган маалыматтарга карабастан "Сармат" континенттер аралык баллистикалык ракетасы РФтин "өнөктөштөрүн" көп полярдык дүйнөнүн технологиялык жана геосаясий реалдуулукка кайттырары бышык.
Украинадагы Россиянын улуттук гвардиянын аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс жана Запорожьедеги россиялык чабуулдун өзгөчөлүгү
Мындан кыйла жеңил жана дүйнөдөгү эң эски америкалык Minuteman III континенттер аралык баллистикалык ракетасынын (50 жылдан бери кызматта) учуш аралыгы 10 миң чакырымды түзөт. Бир нече жолу заманбапташтырылса да россиялык "Воеводалардын" (30 жылдан бери кызмат өтөйт) технологиялык деңгээлине жетпей келет. GBSD (Ground Based Strategic Deterrent) жаңы долбоору азырынча иштелип чыгууда, бирок "Сарматка" атаандаш боло албайт.
Minuteman III континенттер аралык баллистикалык ракетасынын жер бетиндеги арсеналын алмаштыра турган долбоор 264 млрд. долларга бааланып, Пентагон ага анчейин артыкчылык бербейт. Ground Based Strategic Deterrent америкалык стратегиялык долбоору иштелип чыгууда, анткен менен "Сарматка" атаандаш боло албайт.
АКШ гиперүндүү көйгөйүн чече албай, ал эми өзөктүк союздаштары – Улуу Британия жана Франция суу түбүндөгү кайыктарга континенттер аралык баллистикалык ракетаны туура көрүп, жер бетиндеги стратегиялык ракеталардан толугу менен баш тартышкан.
Россиялык күчтүү "Сармат" менен америкалык "аксакал Минитменди" салыштырып болбойт. Андан көрө америкалыктар үчүн кол жеткис россиялык "Сармат" менен "Воеводаны" салыштырган оң. Россиялык ардагер "Воевода" 8 тоннадан ашуун салмактагы ок учун 16 миң чакырымга чейин жеткире алат. "Сармат" ракетасынын кыймылдаткычтары да жапжаңы, шахталык жана мобилдик модификацияларга ээ, "ардагерден" 2000 чакырымга ыраак учуп, дээрлик эки тонна көбүрөөк жүк ташый алат. Анын гиперүндүү пландоочу блоктору абадан коргонуу тутумдарын жеңүүгө, башкача айтканда, душмандын объектилеринен стратегиялык артыкчылыгына жана аларды таамай жок кылышына кепилдик берет.
"Сармат" россиялык өндүрүштөгү гана компоненттерден куралганы да өзгөчө белгилөөгө татыктуу. "Воевода" жана "Сарматтын" согуштук күчү дээрлик бирдей, бирок ачык булактарда күүлөнүүчү тилкеси жана Aegis, THAA жана башкалардын тутумдарын жеңүү жөндөмү боюнча мүнөздөмөлөр жок.
"Воеводанын" аскердик блоктору жаңылыш элементтердин булутундагы бутасына карай учары белгилүү эле. Бул жагынан "Сарматтын" коргоо тутуму кынтыксыз экени шексиз. "Воеводанын" бутасынан 500 метрдей тайып кетиши ыктымал болсо, акыркы үлгүдөгү баллистикалык ракетанын таамайлыгы шек санатпайт. "Сарматтын принципиалдуу айырмачылыгы – өзөктүк эмес таамай сокку ура алганында.
Киевдеги куралчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Террордук тактика үчүн Киев жалгыз жооп бербейт. Диверсиялык аракеттерге сереп
Атмосферадагы 15 Maxтын (саатына 18 миң чакырым) тегерегиндеги ылдамдыкта аны кармоо мүмкүн эмес, ал эми курал блогунун кинетикалык кубаты радиоактивдүү жабыркатуусуз эле "атомдук күч" менен кыйрата алат.
"Сармат" үчүн жасалган "Авангард" гиперүндүү блогу 2019-жылдан бери Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрдүн Домбар ракеталык дивизиясында аскердик нөөмөт өтөп келет. Континенттер аралык баллистикалык ракетанын шахталары позициялык райондорго топтоштурулган өзөктүк сокку урууга ылайыкталган.
Россиянын стратегиялык өзөктүк күчтөрү мезгилдин чакырыктарына жооп берип, улам кынтыксыз жасалып, майнаптуулугу артып барат. Эгер XXI кылым тогошордо 58 Р-36М2 "Воевода" кызматта болсо, 2022-жылы кыйла оор ракеталардын аскердик нөөмөткө чыгары толук ыктымал. Дүйнө коопсуз болуп кете элек. РФ Коргоо министрлиги азырынча "Сарматтын" саны боюнча планын ачыктай элек. CNBC телеканалынын билдиргенине караганда, америкалык чалгындоочу коомчулук россиялык жаңы баллистикалык ракеталардын саны 60тан кем болбой турганын болжоодо.
Аба жана деңизге ылайыкталган россиялык стратегиялык ракеталарга салыштырмалуу күч жагынан "Сармат" ыраак аралык, жогорку маневрдүүлүк жана бөлүнүүчү (салыштырмалуу өз алдынчалуу) аскердик блокторунун эсебинен алдыга эч бирин салдырбайт.
Америкалык адистер "Сарматты" РФтин бардык стратегиялык куралдарынын мыктысы катары баалап, өзөктүк согуш жүргүзүү каражаттарынын баарын, тагыраак, америкалык Minuteman III ракетасынын 450сүн тең жок кылуу үчүн жасалган деп боолголошот. Алардын баамында, бир "Сармат" континенттер аралык баллистикалык ракетасы 7,5 өзөктүк мегатонна жүк жеткирип, 35-37 млн. кишини жабырката алса, бүт өлкөнү жок кылууга он ракета жетиштүү.
СНВ-3 келишимине ылайык РФ Стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн жогорку чеги – кыймылга келтирүүчү түзүлүштөрү – 700 жана аскердик блокторунун саны 1550 (РФтин Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүнүн шахталык жана мобилдик комплексинин 60 пайызы дайым даяр турат) болушу шарт.
Россиялык үч стратегиялык ракеталык армиянын, 12 ракеталык дивизиянын күчү кандай гана агрессор болбосун демин тез эле басып коё алат. Батыш санаага тартып, АКШнын аргасы түгөнүп турат. Алар мындайда Россия менен санкциялар аркылуу гана кармашууга даай алышат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы. Альянстын саммитине аскердик сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0