Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы. Альянстын саммитине аскердик сереп

© AFP / EVELYN HOCKSTEINНАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусу
НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Жазылуу
АКШ украиналык багыттагы стратегиялык жеңилишинин ызасын Россия менен прокси-согушту активдештирип, ошону менен бирге эле НАТОну чыңдап жана "чыгышка карай кеңейтип", альянсты Түндүк Европанын бейтарап өлкөлөрүнүн эсебинен күчтөндүрүү менен чыгарат окшоп калды.
Брюсселде 6-7-апрелде өткөн саммитте НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери жана башка бир катар мамлекеттердин өкүлдөрү "Украинаны колдоо үчүн" НАТО эмне кыла аларын, "россиялык кысымга туруштук бере албаган өнөктөштөргө, анын ичинде Грузияга" кантип көмөктөшүү керектегин талкуулашты. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко саммиттин жүрүшүнө көз салуу менен учурдагы кырдаалга баам салган.
Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг союздаштарына РФ менен узак мөөнөттүү күрөштүн күн тартибин белгиледи. Антпесе, россиялык президент Владимир Путин "бүтүндөй Украинаны көзөмөлдөөгө умтулганын койбой, эл аралык тартипти кайра жаратуу ниетин" өзгөрткөн эмес.
Саммиттин катышуучулары НАТОнун жаңы Стратегиялык концепциясын иштеп чыгууну талкуулашты. Ал Түндүк атлантикалык альянсты "кытай жүздүү" кыйла кооптуу дүйнөгө ыңгайлаштыруу үчүн абзел экен. Бул жолку жыйын НАТОго кирбеген Финляндия, Швеция, Грузия, Украина, ошондой эле Австралия, Жаңы Зеландия, Корея, Япониянын өкүлдөрүнүн чакырылышы менен өзгөчөлөндү.
Тынч океан чөлкөмүнүн мамлекеттери "Украинага россиялык күчтөрдүн киргизилишин айыптоодон" Кытайдын баш тартышына түйшөлүп, ушундай өңүттөгү кытайлык операциялардын ыктымалдыгынан чочулап турган имиш. Анткен менен Кытай Эл Республикасы менен бейтарап Австралиянын ортосунда үч деңиз жана 4000 чакырымдан ашуун аралык бар, ал эми планетага АКШ менен НАТО (соңку тарыхтагы эле Югославия, Ирак, Афганистан, Сирия, Ливиядагы окуяларды эстеп көрөлүчү) кооптуулук жаратып келгенин ким танат?
Саммит Кошмо Штаттардын Аскер-аба күчтөрүнө таандык B-52H Stratofortress стратегиялык бомбалоочусунун калкалоосунда өттү десек болчудай. Бул учактардын бир нечеси 6-апрелде Британиядагы Фэрфорд авиабазасынан абага көтөрүлүп, Европага айланып, британиялык, даниялык, чехиялык, венгриялык, грециялык жана италиялык истребителдер, ошондой эле Болгария жана Венгриянын жер бетиндеги авиамээлегичтери менен өз ара аракеттенүүнү өздөштүрүштү.
Пентагондун мындай театралдаштырылган оюну союздаштарына кыяматтын жакын экенин эскерткени шексиз. Кандай болгон күндө да НАТО ичинде РФ менен мындан ары алака боюнча бир кыйла кайчы пикирлер бар. Улуу Британия, Польша жана Балтика өлкөлөрү "Россияны чөгөлөткүсү" келет. Ал эми Франция, Германия жана Түркия, тескерисинче, мамиле түзүүнү жакташат.
Альянстын бардык мүчөлөрү эле Россия менен согушка тартылып, ал түгүл өздөрүн түпкүргө түртө турган санкцияларга аралашууну каалашпайт. НАТОдо идеологиялык биримдик жок, блок бөлүнүп калган.
Биологиялык коркунуч белгиси бар муздаткычы менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
АКШнын Украинадагы биолабораториялары: максаты, каржылоосу жана Байдендердин изи
НАТО жакынкы апталарда Украина Куралдуу күчтөрүн кайра куралдандырууга ниеттенип туру. Долбоор "Эгер дүйнө тийиштүү жардам көрсөтсө, Украина Россияны жеңе алышы мүмкүн" деген идеяны камтыйт. Батыштын дал ошондой "колдоосу" Украинаны 2022-жылдын 24-февралында россиялык атайын операциянын башталышына түрткөнүн түк түшүнгүсү да жок.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба саммитте адатынча альянстан "учак, кеме ракеталарын, ок өтпөс транспортер, абадан коргонуунун оор тутумдарын" сурады. АКШ менен Чыгыш Европанын кызыкчылыгын коргоо үчүн америкалыктар акчасын аяшпайт. Украинанын шыбагасына ушул тизмеден бир нерсе тийип калышы ажеп эмес, ал тургай "насыясын" төгүү мөөнөтүн ондогон жылдарга узартып болсо да беришер.
Америкалык сенат Украина үчүн жаңы ленд-лизди – The Ukraine Democracy Defense Lend-Lease Act of 2022 программасын жактырды. Бул – экинчи дүйнөлүк согуштан бери боло элек көрүнүш. АКШ НАТО зонасында аскердик техниканын корун топтоого умтулуп, андан ары чек ара аркылуу жеткирип, логистиканы жөнгө салып, Украинага аскердик жардамдын тынымсыз агымын уюштурууну көздөөдө.
Йенс Столтенберг Украина коргоо министри Дмитрий Кулеба менен бирге өткөргөн кечээги конференциясында альянска мүчө өлкөлөр "жаңжалдын Украинанын чегинен тыш да ырбап кетпеши" үчүн көп аракет жумшап жатканын билдирди. Анткен менен Чехия тарабынан берилген Т-72 танктары жана БМП-1 (пехота машиналары) бузук чыгып, ал эми Польша аларды акысыз ремонттогусу келбейт. Айдалганын айдалып, бирок ок ата албаган бул аппараттарды оңдоого кеминде эле бир ай жана миллиондогон доллар каражат керек. Батыш дүйнөсүндө Варшава Россияга карата өтө катаал позицияны кармангандардан. Украина Куралдуу күчтөрүн байма-бай курал менен жабдыгандардын алдынкы сабында. Ошентсе да акча принциптерден маанилүү тура.
Британия тышкы иштер министри Лиз Трасс кечээ: "Россия – НАТОнун негиз салуучу актынын күндөрү өттү", - деп билдирди. Улуу Британия Украинага зооттолгон техниканы бергенин ырастады. Бирок мында кеп мурда убада кылгандай өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөр туурасында эмес, Jackal деген аталыштагы чалгындоо-күзөтүүчү ок өткөрбөс унаанын он бирдиги жөнүндө болду.
110 даана Switchblade дрон-камикадзесинен турган америкалык партия да эгер оператору жолдуу болсо, 100гө жакын киши жана 10 чакты зооттолгон техниканы гана кыйрата алат (жеңил Switchblade 300 – 10 чакырымга, Switchblade 600 – 40 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алат). Согуш талаасында андай машиналар кырдаалды анчейин деле өзгөртүп жиберишпейт.
Россиялык күчтөрдүн соккулары батыш жана Варшава келишимине ылайык мураска калган советтик куралдардын Украинадагы дарегине жетишине жол бербейт. Адистер Россия Украинадагы атайын операцияларынын максатына бардык көрсөткүчтөр боюнча ырааттуу түрдө жетерин түшүнүп турушат.
НАТОнун киевдик режимди курал менен камсыздоосу эч качан алар каалаган натыйжаны бербейт. Бирок "гегемондор" Россияны "ооздуктоо", Чыгыш Европаны "афгандаштыруу", бул жакка жайгашкан АКШ Армиясынын жоокерлеринин катарын (бүгүн алардын саны 100 миңге жетет) кеңейтүү, Пентагондун жаңы, туруктуу базаларын куруу үчүн он миңдеген украиналыктардын набыт болушуна да кайыл. Бул алар үчүн тек гана бизнес.
Бучадагы украиналык аскерлери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Буча: Украинанын Россияга каршы чагымчылыгы
НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги чогулушунда буга катуу баш катырып, Мадридде июнь айында өтө турган саммиттин алдында альянстын жаңы стратегиялык концепциясын макулдашышат. Украинага аскердик колдоо көрсөтүү жана Россияны "ооздуктоодон" сырткары алар "XXI кылымдын жаңы коркунучу" Кытай менен күрөшүү планын иштеп чыгышууда. АКШ союздаштарын НАТОнун адаттагы жоопкерчилик зонасын кеңейтүүгө түртүүдө.
Йенс Столтенберг 6-апрелде: "Жаңы стратегиялык концепция дүйнөлүк аренада Кытайдын өсүп келе жаткан таасири жана мажбурлоо саясатын биринчи ирет эске алат. Булар биздин коопсуздук жана демократияларыбызга коркунуч туудурат... Ошондуктан Индия-Тынч океан чөлкөмүндөгү өнөктөштөрүбүз менен НАТОнун кызматташтыгын тереңдетүүгө макул болорубузду боолголойм", - деп билдирди.
Конгресстеги угууларда АКШ Куралдуу күчтөрүнүн штабдар жетекчилери комитетинин төрагасы Марк Милли Пекинди негизги "геостратегиялык чакырык" деп баалап, альянсты Пекинге жапа тырмак каршы турууга чакырды. Альянстын 1949-жылы Европаны советтик таасирден коргоо үчүн түзүлгөн жоопкерчилик зонасын кеңейтүү жагы да каралууда.
Ар кыл тармакта өз дараметин тынымсыз өстүрүп, "2027-жылга чейин Тайванды тартып алууга умтулган", "технологиялык жаатта Американы кууп жетүү үчүн күн сайын аракеттеги", "2035-жылы аскердик планда АКШ менен тең ата болуу" ниетиндеги Кытайды Кошмо Штаттардын кыртышы сүйбөй турганы айдан ачык. Айтмакчы АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын башчысы Нэнси Пелоси жакын арада Тайванга барып, анын көз карандысыздыгын колдоорун билдирмекчи. 25 жыл аралыгында мындай өңүттөгү алгачкы сапар экенин белгилей кетели. Эске салсак, Тайвандын территориясы – КЭРдин бир бөлүгү.
2022-жылга карата жаңыртылган Улуттук коргонуу стратегиясында (документ АКШ Конгрессине 28-мартта жөнөтүлгөн) Кытай Кошмо Штаттар үчүн "кыйла маанилүү стратегиялык атаандаш" катары каралып, Пентагон үчүн "негизги милдет" деп камтылган.
Мындан улам Кытай Эл республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү
Чжао Лицзянь кечээ кансыз согуштун өндүрүмү катары НАТО таратуу зарылдыгы жөнүндө кайрадан айтып, альянстын чыгышка карай кеңейишине Кытай терс көз карашта экенин билдирди. Тайванды курал менен (анын ичинде Patriot зениттик ракеталык комплекстери менен) жабдууну АКШнын жактырганы боюнча аталган державанын коргоо министринин өкүлү Тань Кэфэй: "Тайвань Кытайдын аймагынын ажырагыс бөлүгү, Тайвань маселеси Кытайдын түпкү кызыкчылыгына тиешелүү жана тышкы кийлигишүүгө жол берилбейт", - деп баса белгиледи. Кытай армиясы "тышкы кийлигишүүнү жана Тайванды көз карандысыздыкка жеткирүү аракеттерин бөгөш үчүн майнаптуу чараларды көрөрүн" да кошумчалады.
Афганистандан дүйнө жүзүнө уят болуп качып чыгып, Африка жана Жакынкы Чыгышта бир катар операциялары ийгиликсиз болгон Кошмо Штаттар жана НАТОнун стратегдери эми РФ менен КЭРди "чөгөлөтүүнү" көксөп турушат. Жамааттык Батыш жана Чыгыштын батышчыл сателлиттеринин аскерий-саясий экспансиясына каршы туруу Россия менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгүнүн бекем өзөгү болмокчу. Соңку сөз – дайым стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрдө.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Россиянын БТР-82 Мариуполдун көчөсүндө баратат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европаны биротоло каратып алгысы бар АКШга Россия жолтоо болууда. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0