УКМК: 62 гектар жер мамлекетке кайтып, 82 миллион сом зыяндын орду толтурулду

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЧүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Бишкек машина куруучу заводу” ААКсына таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкеси
Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Бишкек машина куруучу заводу” ААКсына таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкеси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Жазылуу
Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты уюштурууга прокуратура органдарынын, Сокулук районунун мамлекеттик каттоо кызматынын жана “Бишкектеги машина куруучу заводу” ААКсынын кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталган.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Бишкек машина куруучу заводу” ААКсына таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылып, 82 миллион сом зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдирди.
“УКМК Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (“Коррупция”) ылайык козголгон кылмыш иштин алкагында жалпы аянты 62 гектар жер тилкесин кайтарып берүү түрүндөгү 82 миллион сомдон ашык суммадагы зыяндын ордун толтурду”, — деп айтылат билдирүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты уюштурууга прокуратура органдарынын, Сокулук районунун мамлекеттик каттоо кызматынын жана “Бишкектеги машина куруучу заводу” ААКсынын кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Жүргүзүлгөн кылмыш иштин алкагында Башкы прокуратуранын кызматкери, ишкананын кызматкери жана эки жаран кармалган.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте баңгизат колдонууга жана сатууга шектелген Коргоо министрлигинин аскерлерин кармады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Аскер кызматкерлери баңгизат сатууга шектелип кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0