Пекин Вашингтондон Тайвань менен расмий байланышты үзүүнү талап кылды

© AFP / GREG BAKERКытайдын ТИМ өкүлү Чжао Лицзянь. Архив
Кытайдын ТИМ өкүлү Чжао Лицзянь. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
АКШ сенатынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Роберт Менендес башында турган конгрессчилер тобу бейшембиде Тайванга жарыяланбаган сапар менен барган.
БИШКЕК, 15-апр. – Sputnik. Кытай АКШдан Тайвань менен бардык расмий байланыштарды токтотууну талап кылды. Бул тууралуу Кытайдын ТИМ өкүлү Чжао Лицзянь брифингде айткандыгын РИА Новости жазды.
"АКШ Тайвань менен бардык расмий мамилелерин токтотушу керек", — деп дипломат АКШнын аракеттери "бирдиктүү Кытай" принцибине жана Кытай-Американын биргелешкен коммюникисиндеги үч принципке каршы келерин белгилеген.
Буга чейин Тайвандын борбордук маалымат агенттиги (СNA) АКШ сенатынын эл аралык иштер боюнча комитет төрагасы Роберт Менендес башында турган конгрессмендер тобу бейшембиде Тайванга жарыяланбаган сапар менен баргандыгын жазган.
Агенттик, мындан сырткары, АКШдан келген делегация жума күнү аралдын администрация башчысы Цай Инвэнь менен жолугуп, "АКШнын Тайвань менен өз ара мамилеси, кытай кооптуулугу, аймактык коопсуздук" маселелери жаатында пикир алышарын билдирген. Ошондой эле Тайвандын коргоо министри Цю Гочжэнге жолугарын жазган. Конгрессчилердин сапарына жооп кылып Кытайдын куралдуу күчтөрү жума күнү аталган аймакта аскердик машыгууларды жүргүзө тургандыгы Кытайдын Элдик-бошотуучулар армиясынын Чыгыш зонасынын аскердик командачылыгынын билдирүүсүндө айтылган.
Буга чейин аралдын коргоо министри Цю Гочжэн эгерде Кытай менен Тайвандын ортосунда согуш чыкса, кимдин жеңе тургандыгына карабай эки тарап үчүн трагедия менен аяктаарын жар салган. Ал "согушту эч ким каалабайт" деген.
Аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинин расмий өкүлү У Цянь Кытай Тайвандын тынчтык менен биригүүсүн карай тургандыгын, бирок эч качан анын "эркиндигине" жол бербестигин айткан. Аткаминер "дүйнөдө бир гана Кытай бардыгын", Тайвань ажырагыс бөлүгү болорун, ал эми Тайвань кысыгынын эки жээгиндеги мекендештер "кандаш бир туугандар" экенин айтып, тарыхы бир деген пикирин билдирген.
Кытайдын борбордук өкмөтү менен анын аралдык провинциясынын расмий мамилеси 1949-жылы үзүлгөн. Бул Чан Кайши башында турган Гоминьдан күчтөрү Кытай компартиясы менен болгон жарандык согушта жеңилип, Тайванга баргандан соң болгон. Кытай материги менен арал ортосундагы иштиктүү мамиле жана формалдуу эмес байланыштар 1980-жылдардын соңунда жаңыланган. 1990-жылдардан тарта мамлекеттик эмес уюмдар — мамилелерди жакшыртуу боюнча Пекин ассоциациясынын Тайвань кысыгы жана Тайбэй фонду аркылуу байланыша башташкан.
Ирпень шаарындагы Украина жоокери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай АКШ Украинадагы абалды курчутуу менен эмнени көздөп жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0