Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Темиркулов: отургузулган бир дагы бак-дарак кароосуз калбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттик администрациянын бөлүм башчысы Азамат Темиркулов
Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Азамат Темиркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Азамат Темиркулов акыркы 50 жылдын ичинде өлкө аймагындагы мөңгүлөрдүн 20-30 пайызы эрип, жок болгонун айтты.
"Жашыл мурас" мамлекеттик долбоорунун алкагында отургузулуп жаткан дарактардын электрондук жол картасы түзүлөт. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын алкагында бардык мамлекеттик органдарга документ берилип, жашыл аймактарга мониторинг жүргүзүү үчүн "Жашыл Мурас" платформасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Темиркулов: отургузулган бир дагы бак-дарак кароосуз калбайт
Анын айтымында, "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү өлкө боюнча жыл сайын өткөрүлчү иш-чарага айланып, ар жылы 5-6 миллион даана көчөт отургузулат.
"Учурда дүйнө жүзүндө глобалдык жылуулуктан улам мөңгүлөр эрип жатат. Бул Кыргызстанга да тиешелүү. Акыркы 50 жылдын ичинде өлкө аймагындагы мөңгүлөрдүн 20-30 пайызын жоготтук. Мындай абалда ушул кылымдын аягында мөңгүлөрдүн 80 пайызы эрип кетиши мүмкүн деген божомол бар. Ошондуктан эл аралык уюмдар, коомдор, бүтүндөй адамзат глобалдык жылуулукту токтотуп, климаттын өзгөрүшүн азайтуу максатында чара көрө баштады. Өлкө башчысы Глазгодо БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында 2022-жылды Тоолордун эл аралык жылы деп жарыялоону демилгеледи. Ошентип 12-мартта Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталды. Бак-дарактар климаттын эң негизги регулятору. Андыктан биз өнөктүктүн алкагында өлкө боюнча жыл сайын 5-6 миллион даана көчөт отургузууну көздөп жатабыз. Токойлордун көбөйүшү жаныбарлардын арбышына, жалпы флорага таасирин тийгизет. "Жашыл мурас" платформасы иштелип чыгып, ал жерде Кыргызстандын токойлору жөнүндө бардык маалыматтар топтолот. "Жашыл Мурас" платформасынын аркасында ар жарым жыл сайын канча көчөт отургузулганы жана алардын канчасы тамыр алганына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат. Бардык мамлекеттик орган же жарандар тигилген көчөттөр тууралуу маалымат жүктөй алат. Ар бир көчөткө жетиштүү кам көрүлүшүнө көзөмөл жүргүзөбүз. Бир дагы тал кароосуз калбайт", — деди Темиркулов.
Ал "Жашыл мурас" платформасындагы "Дарак отургузууга катыш" деген бөлүмдө ар бир адам көчөт отургузууга катышуу үчүн арыз калтырса болорун жана бак тигүү үчүн кайрымдуулук бөлүмүнө каалаган адам каражат которуп өнөктүккө салым кошо аларын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0