Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОтургучта отурган адам. Архив
Отургучта отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ишемби күнү республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +23…+28, Талас чөлкөмүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +25…+30, Ысык-Көлдө +17…+22, Нарын өрөөнүндө +16…+21 градус жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +26…+28, Ош шаарында +28…+30 градус болот.
Бишкек шаарынын суу кампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Бишкекте беш суу кампасын оңдоп-түзөө пландалууда. График
Жаңылыктар түрмөгү
0