10 миңден ашык долларды накталай алып чыгууга тыюу салынышы мүмкүн. Чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив
Манас аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
Эгерде токтом кабыл алынып калса, убактылуу чара резидент эместерге жана чет элдик жарандарга да тиешелүү болот. Алар 5 000 доллардан ашык акчаны накталай алып кете албайт.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарына 10 000ден ашык долларды накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салууну Экономика жана коммерция министрлиги сунуштап жатат. Бул туурасындагы документ министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.
Негиздеме-документте бул чара Кыргызстандын экономикалык коопсуздугу жана финансылык туруктуулугун камсыздоо үчүн зарыл экендиги айтылат.
Токтом долбоорунда Кыргызстандан долларды накталай алып кетүүгө убактылуу тыюу салуу сунушталган:
1.
резидент эместерге жана чет элдик жарандарга 5 000ден ашык долларды накталай алып кетүүгө;
2.
резиденттерге жана Кыргызстандын жарандарына 10 000 доллардан ашык каражатты накталай алып кетүүгө;
3.
Кыргызстан жарандары жана резиденттери 10 000ден ашык накталай долларды алып чыккан учурда белгиленген лимиттен ашкан суммадан 10 пайыз өлчөмүндө төлөм (жыйым) киргизилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жүктөлөрү айтылган.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Кыргызстандын банктары долларды сатууга чектөө киргизди. Улуттук банк эмне дейт
Жаңылыктар түрмөгү
0