Медведев: Финляндия менен Швеция НАТОго кирсе чек араны бекемдөөгө туура келет

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүРФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев
РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын айтымында, эгер Финляндия менен Швеция НАТОго кире турган болсо, Балтиканын өзөктүк эмес статусу жөнүндө "кеп дагы болбойт".
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Швеция менен Финляндия НАТОго кире турган болсо альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасынын узундугу эки эсе узарат. Бул тууралуу РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн Telegram-каналына жазды.
"Албетте, бул чек араны бекемдөөгө туура келет. Кургактагы жана абадан коргонуу күчтөрүнө олуттуу көңүл бурулуп, Фин кысыгындагы акваторияда аскер-деңиз күчтөрү кеңейтилет", — деди ал.
Медведевдин айтымында, эгер Финляндия менен Швеция НАТОго кире турган болсо, Балтиканын өзөктүк эмес статусу жөнүндө "кеп дагы болбойт".
Буга чейин шведдик Expressen гезити ишенимдүү маалымат булактарга таянуу менен Финляндия Швецияга НАТОго кирүү үчүн чогуу арыз берүүнү сунуштаганын жазган. Британиялык Times гезитинин маалыматы боюнча, эки өлкө альянстын курамына ушул жай айларында кирүүгө белсенип жатат.
Финляндиянын премьер-министри Санна Марин кечээ күнү Хельсинки жакынкы жумаларда бул боюнча чечим кабыл аларын айтты. Ал эми альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг учурдагы нейтралдуу мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген.
РФтин коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев Украинанын ЕБге кириши тууралуу Россиянын пикирин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0