Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Чет элдиктерди да туткундап": Мариуполь портунда эмне болууда?

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүМариуполь порту
Мариуполь порту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Жазылуу
Донецк Эл Республикасынын аскер күчтөрү Мариуполь портун курчоодо. Эске салсак, ал жакта "Азов" батальонунун бөлүктөрү жашырынып турушат. Канчалык тырышкандары менен ок-дарысы азайып, улам алсырап баратканы байкалат.
Улутчулдардын лидерлери аба жолу менен качууга тырышса, ал эми алардын кол алдындагылар жер бетинде соккуга кабылууда. Деңиз портуна чабуул кантип жасалганына Виктор Званцев кызыгып көрүп, анын кызматкерлеринин баяндарын тыңдаган. Автордун репортажын РИА Новости жарыялаган.
Капталдары тешилген, өрттөлгөн кемелер, тамтыракайы чыккан жүк бөлүктөрү, асфальтка ныгырылган миналардын учтары... Республикалык күчтөрдүн көзөмөлүнө өткөн Мариуполь портунун бөлүгүнүн көрүнүшү ушундай. Жээктеги бетон блоктун аркасында – эки жүз метр аралыкта украиналык күчтөр орун алган. Анын аркасынан Т-72 танкы мунарасын чыгарып, үч жолу атат да кайра жашынат. Ага жооп катары миналар ыргыйт.
"Кырдаалды толук көзөмөлдөп турганыбыз менен душман дале күчүндө, — дейт Донецк Эл Республикасынын Ыкчам багыттагы атайын бригадасынын ок аткычтарынын бири (өтүнүчү менен ысымы өзгөртүлдү). — Эки сааттай мурун, маселен, танкыбыз жардырылды. Экипаж каза таап, машина күйүп кетти. Улутчулдардын ок-дарысы түгөнгөн учурду чыдамсыздык менен күтүп жатабыз".
Жоокерлердин айтымында, "азовчулар" эми сарамжалдуу согушууда. Бир жарым ай аралыгында алардын ок-дары кору кескин азайып кетти. Бошотулган аймакта ээн калган ок-дары сактагычтар жайнайт. Бул жакта салгылашка узак жана кылдат камданышкан.
"Курал ташуунун бардык – жер, суу жана абадагы жолдорун бөгөдүк, — дейт транспортчу Шрам. — Акыркы аракет бир апта мурун жасалды. Запорожье тараптан батальондун жетекчилигин алып кетүүгө учуп келген тик учакты атып түшүрдүк. Туткунга түшкөн экипаж эвакуация алдында портко патрон, граната жана мина толтурулган ящиктерди ыргытууга үлгүрүшкөн".

Кырдаалдын барымтасында

Портко чабуул атайын аскердик операциянын биринчи эле күнүндө башталган. Мариуполдук компаниялардын биринин монтажчысы Максим Агапов ошол таң күнү бүгүнкүдөй эсинде. "Менин нөөмөтүм болчу, — деп эскерет ал. — Россия президентинин кайрылуусу чыгары менен аскер-деңиз базасына жакынкы алтынчы жээктеги аскердик кемеге сокку урулду. Шеригим экөөбүз үчүнчүдө элек".
Горловкалык Максим вахта менен – эки апта иштеп, эки жума эс алып иштейт. Калаанын тарыхый бөлүгүнөн чакан үйдү кесиптештери менен ижаралашат.
"Наркы көчөдө "азовчулар" турчу, — дейт Агапов. — Алар жай тургундарга гуманитардык коридорлор аркылуу чыгып кетүүгө болорун айтышпай, тескерисинче, эч кимди коё бербей турушту.
Айрым үй-бүлөлөр качып чыгып кетүүгө жан үрөшкөнү менен улутчулдар аларды аркасынан атып жатышты. Куралсыз адамдарды өлтүрүшкөнүн өз көзүм менен көрдүм. Бир жигитти аткылап жатып, башы экиге бөлүнүп калган". Маркумдун үрөй учурган сөөгү Агапов турган үйдүн жанында бир нече күн жаткан. Айыгышкан салгылаш тыйылбай, чар тараптан атылган ок токтобогондуктан, анын сөөгүн чыгарып, жерге көмүүгө мүмкүн болгон эмес.
Кошуна короодон да жүрөк тилген көрүнүшкө күбө болушат. Улутчулдар турган имараттан ыргытылган мина пенсионер аялга келип тийип, сөөгүн чачыратып кеткен.
"Дагы бир мина биз жашаган үйгө түштү, — деп чатырды көрсөттү Максим. — Шыпты тешип, плита менен раковинанын ортосуна туруп калды. Кудай жалгап жарылган жок. Ашкананы жаап коюп, сапёрлорду күтүп жатабыз.
Ал эми бүгүн жаныбыздагы беш кабат үйдөн бизге карай көзгө атар ок атты. Россиялык аскерлер аны жок кылып, бирок шаарды тазалоо бүткөнчө дагы бир-эки күн жер төлөдө жашынып туруубузду өтүнүштү". Ал улутчулдардын порттун бир капталында жай жарандардан тартып алган кийимдерди кийип, качкындардын агымына аралашып кетүүгө аракет кылышканын да көргөн. Эвакуацияны күтүп жаткан Максим учурда кошуна карыяларга көмөктөшүп, суу ташып берип, меш жагып, ундун калдыктарынан оладьи жасап жан багууда.
"Азыр самаганым — ата-энем жана колуктума аман-эсен кайтуу, — деп ичиндеги бугун төгөт монтажчы. — Ушул көргөндөрүмдөн кийин толугу менен өзүмө келе аларыма анча ынанбайм. Тозоктун эле өзү болду".
Украиналык аскер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мариуполдогу алгачкы миң туткун. Украина күчтөрүнүн кыйроо башаты

Музыкант жана актёрлор

Деңиз портуна карай улутчулдар дароо бир нече тараптан: батыш, түндүк-батыш жана түндүктөн кысып киришкен. Көчөлөрдөгү кармаштарга дасыккан да, февралдын ортосунда армияга алынгандар да катышты. Аскерге жаңы чакырылгандардын арасында Донецкинин Опера жана балет театрынын артисттери, ошондой эле жергиликтүү филармониянын музыканттары да бар.
"Өзгөчө адамдар, — деп мүнөздөйт Донецк Эл Республикасынын 5-бригадасынын комбаты Николаич. — Алардын бири жаныма басып келип: "Менде тамеки бар, тушёнканын кошумча бир банкасына алмашкым келет", — деди. "Тамекини өзүңө калтырып, банканы ала бер", — десем, көшөрүп болбойт. Ошондо сен чыныгы интеллигент менен баарлашып турганыңды аңдайсың".
Театр жана филармониянын артисттери порттун жанындагы дале тынчый элек жеке секторду көзөмөлдөөдө. Таңда чабуул жана тазалоого чыгып, күүгүмдө кечки тамакка чогулуп, көз жумган жолдошторун эскеришет. Жакында эле кезектеги салгылашта алардын дагы бир кесиптеши набыт болду.
"Бул инсандар мени, өмүр бою от күйгөн жерде жүргөн кишини, айран калтырышат, — деп таң калганын жашырбайт Николаич. — Күн сайын душмандын огу же минасынын сыныгына кабыларын билип, өлгөн, жарадар болгондорду көрүп, бирок ошого карабастан ишин аткарып жүрүшөт".
Батальон командачысы аларды аяганга аракет кылат. Мүмкүнчүлүк болуп калса, тылга калтырышат. Бирок согуш деген согуш экен, курмандыктар болбой койбойт. Портту аягына чейин тазалап бүткөндө балдарды Донецкиге кайра жөнөтөбүз", — деп убада кылат Николаич.

Одессалык капитан

Аскерлердин айтымында, азов түзүмүнүн бириндеген өкүлдөрү жашынып жүрүшөт. Жай жаран болуп амалданышат.
"Тээтигинден 25 кишини куткардык, — деп кеме тарапка ишарат кылат пристанга бөлүнгөн транспортчу Шрам. — Одессалык капитан, калганы — европалык жана америкалыктар экен. Аларды чыгарбай, тирүү калкан катары кармап турушкан. Куткарылгандар чындап эле моряк болуп-болбогонун аныктоо үчүн текшерүүгө алып кетишти".
Мамлекеттик коопсуздук министрлиги порт жана анын айланасындагылардын ар бирин текшерет. Антпесе, мизи кайтарылган улутчулдар кууланышат. Азовчулардын көпчүлүгүндө порттун же шаардагы башка мекемелердин жасалма күбөлүктөрү бар.
Донецк Эл Республикасынын армиясынын командачылыгынын маалыматына таянсак, Мариуполь дээрлик толугу менен тазаланды. Анткен менен айрым райондордо, айрыкча өнөр жай аймагында үч-төрт миңден украиналык аскер жашынып жүрөт. Офицерлер аларды куралдарын таштатып, багындырууга канча мезгил жана күч жумшаларын азырынча болжогулары келбейт.
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасында аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Европа согушка аттанууда. Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0